Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

17:25 Укук коргоочулар президент К.Бакиевди Жакырчылыкты жоюу борбордук фондусу жөнүндө маалыматты ачыктоого чакырууда


Аталган фонд 2004-жылы президенттин жарлыгы, “Кызмат үчүн гана пайдалануу” деген белги менен түзүлгөн. Укук коргоочулардын белгилешинче, аталган фонддун каражаттарынын пайдаланышы тууралуу ачык-айкын маалыматтын жоктугу тынчсызданууну туудурууда. Үстүбүздөгү жылдын 7-февралында Билим берүү министри И. Болжурова 2005-жылы фонддун каражаттары менен “бир гана үй-бүлөө” пайдаланып келсе, учурда каражаттар даректүү, билим берүү тармагына жумшалып жатат деп билдирген. Бирок министр айым билим берүүгө канча каражат жумшалагандыгы, аны бөлүштүрүүдө кимдер катышкандыгы жана алардын пайдаланышынын эфективдүүлүгү тууралуу мониторинг боюнча сурообузга жооп берген жок, деп билдирет Укук коргоочулар кеңеши. Алардын айтымында, фонддун ачык эместиги жана каражаттар жарандык коомдун өкүлдөрүсүз бөлүштүрүлгөндүгү коррупциянын бар экендигин негиздеп турат.(MSu)

XS
SM
MD
LG