Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

17:50 Ысык-Көлдө коргошун, вольфрам иштетүүчү ишкана ачылат


Ысык-Көлдүн Ак Суу районундагы Сары Жаз дарыясынын аймагында электр шамынын спиралы жасалган вольфрамды жана коргошунду кайра иштете турган комбинат ачылганы турат. Ак Суу районунун акими Тынчтыкбек Чекиевдин айтуусунда “Сары Жаз майнингкомпани” фирмасы казак ишкерлери менен бирдикте республикалык тендерди утуп алып, учурда металлургиялык өндүрүшкө керектүү техникаларын орнотуп атат. Келишимдер боюнча алгачкы линия ишке кирсе 1000 жумуш орду түзүлүп, кийинчерээк ал 3 миңге жетет. Анткени коргошун менен вольфрамдын запасы көп табылган. Ак Суу районунун акими Т. Чекиевдин маалыматы боюнча бир жылда 30 миңден 100 миң тоннага чейин коргошун менен вольфрам өндүрүүдө жумушчулардын 70 пайызы жергиликтүүлөр болот. (RB)

XS
SM
MD
LG