Эхуд Ольмерт 17-сентябрда анын "Кадима" партиясынын жаңы лидери шайланган соң премьер- министрликтен кетерин кечээ билдирген. Премьер- министрдин дарегине кызматтан кетүү жөнүндөгү чакырык- талаптар ал коррупцияга аралашкан деген шек менен жүрүп жаткан тергөө иштеринен улам айтылып жаткан. Ольмерт өзү мындай айыптоолорду төгүндөп келүүдө.
АКШнын колдоосу менен өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдө жыл соңуна чейин Израил менен кеңири макулдашууга жетүүгө кызыкдар экенин Вашингтондон палестин тараптын өкүлү Саеб Эрекат билдирди.
Эки тарапты жыл соңуна чейин тынчтык келишимине жеткирүү планында өзгөрүү жоктугун Ак үй да белгиледи. Ал эми серепчилердин пикиринде, Израилдин жетекчилигиндеги белгисиздик бул ишти кыска мөөнөттө аткарууга жолтоо кылышы мүмкүн.