Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:31

Ооганстандын эки провинциясында талибдер жоготууга учурады


Жергиликтүү жана НАТО баштаган күчтөрү авиациянын колдоосунда, маалыматтарга караганда, Талибандын жыйырмадан ашуун согушкерин жок кылды. НАТО баштаган эл аралык коопсуздук күчтөрүнүнүн аскерий унаасынын жолунда бомба жарылып, төрт жоокер жаракат алгандан кийин башталган бул уруш борбор Кабулдан түштүк-батыш тарапта жайгашкан Газни провинциясынын Андар районунда болгон.

Ал эми түштүктөгү Урузган провинциясындагы операция учурунда кечээ жергиликтүү аскерлер НАТО күчтөрүн колдоосунда 18 талибди жок кылган. Бул тууралуу бүгүн ооган расмий өкүлдөрү маалымдашты.

XS
SM
MD
LG