Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:15

КЫТАЙ ИНТЕРНЕТКЕ ЦЕНЗУРАНЫ ОЛИМПИАДА УЧУРУНДА ДА САКТАЙТ


Бээжинде жайкы Олимпиада оюндары башталарына саналуу эле күн калды. Аны утурлай кытай бийликтери --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/05/BCC705BF-B299-47F7-BE45-41D94090CAA9.asp интернетти цензуралоону Олимпиада жүрүп жаткан кезде да улантарын ырасташты. Мурдараак алар мындайга барбоону убада кылышкан эле. Бул аралыкта АКШ Конгрессинин эл өкүлдөр палатасы Кытайды Олимпиада алдында адам укуктарын бузууну токтотууга чакырган резолюция кабыл алды.

Эл аралык Олимпия комитети быйылкы оюндардын конок ээси - Кытай менен ага интернетти цензуралоону улантууга мүмкүндүк берген макулдашууга жетишкенин комитеттин маалымат кызматынын жетекчиси моюнга алууга аргасыз болду. Бир эле учурда Эл аралык Олимпия комитетинин аткаруу комитетинин курамына да кирген Кеван Госпер бейшембиде Бээжинде Рейтердин кабарчысы менен маегинде ал мындай келишимден кабардар болбогонун айтып, түзүлгөн кырдаалга өкүнүч билдирди:

- Менин ишенимимде, башкы пресс–борбор жана Эл аралык теле-радио борборуна атайын аймак жана маалымат каражаттарына ал жерде мурдагы оюндардын учурундагыдай мүмкүнчүлүктөр берилиши керек. Азыр бул негизги эреже мен кабардар болбогон кайсыл бир келишим аркылуу өзгөртүлдү. Мындай учурда күтүүсүз жагдайлар болбошу үчүн биз бери дегенде эл аралык маалымат каражаттарын, жалпы коомчулукту тез кабардар кылышыбыз керек. Мындай болгон жок. Бул көңүл жубатарлык эмес, мен жеке өзүмдү жакшы сезген жокмун.

Эл аралык Олимпия комитетинин төрагасы Жак Роге оюндарды чагылдыруучу чет элдик кабарчылар үчүн интернетте эч кандай чектөө болбой турганын мындан эки апта мурда эле айткан.

Ал эми кытай тарап алар көрүп жаткан чараны жергиликтүү мыйзамдын талаптары деп эсептебейт. Бээжин Олимпиадасын уюштуруу комитетинин маалымат катчысы Сун Вейде 31-июлдагы басма жыйынында буларды билдирди:

- Олимпиадалык оюндарды өткөрүү күндөрү Кытай журналисттерге интернетти колдонуусу үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүк тартуулайт. Аз гана сандагы сайттарга кирүү жагынан гана айрым чектөөлөр болот. Анткени алардын мазмуну Кытайдын мыйзамдарына каршы келет. Ушундай эле тажрыйба башка өлкөлөрдө да бар. Кытай интернетти көзөмөлдө боюнча өзүнүн мыйзамына ылайык аракеттенүүдө. Кытай мыйзамына ылайык интернетти Фалунгун сыяктуу жаман жолойду, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген мыйзамсыз маалыматтарды жайылтуу үчүн колдонууга болбойт. Биз маалымат каражаттары Кытайдын мыйзмдарын жана эрежелерин урматтайт деген үмүттөбүз.

Рейтер агенттигинин кабарына караганда, Кытайда Интернет баракчалары ачылбай жаткандардын арасында Эл аралык мунапыс, Хьюман Райтс Уотч өңдүү адам укугун коргоочу уюмдар, "Эркин Азия", "Америка добушу" радиолору бар.

Бул аралыкта АКШ Конгрессинин эл өкүлдөр палатасы ушул аптада Кытайды Олимпиада алдында адам укугун бузууларды токтотууга чакырган резолюцияны 419 добуш менен кабыл алды. Эл өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелосинин айтымында, Кытай Олимпиаданы өткөрүү укугун алып жатканда сөз эркиндиги, адам укуктары, айлана-чөйрө боюнча милдеттемелерди алган. Бирок Пелоси айым белгилегендей, "бул убадалардын көбү бир нече ирээт бузулду".

Айлана-чөйрөгө байланыштуу Олипиаданын учурунда Пекиндин абасынын тазалыгы үчүн көрүлгөн чаралар, киргизилген чектөөлөр жетишсиз болуп калышы мүмкүн деген чоочулоо бар.

Бейшембиде шаар бийликтери эгер абаны тазалоо талабы күчөсө, кошумча көрүлүүчү чараларды жарыялашты.

Кошумча чаралар дагы эки жүздөй фабриканы жабууну, борбор Бээжинде жана ага коңшу эки провинцияда автоунаалардын каттоосуна жаңы чектөөлөрдү киргизүүнү карайт.

Олимпиаданын уюштуруучалары жергиликтүү тургундардын жүрүм-турумун, сырткы кебете-кешпирин оңдоо багыттындагы иштерди да улантууда. Олимпиада учурунда өзүн кандай алып жүрүү боюнча нускоолор жазылган буклеттер ушул аптада 4 миллиондой кожолукка таратылып берилди.

Анда көргөзүлгөндөргө караганда, кийимдин түсү үчтөн ашпоосу керек. Коңшу-колоңго каттоодо түнкү кийимчен же тапичкечен чыкпаңыз. Мындайды адатта Бээжиндин улгайган тургандары жакшы көрөт.

Нускоодо ошондой эле шаар тургандарына кара түстөгү байпак кийүү, эл алдында түкүрүнүп- какырынбоо сунуштары да айтылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG