Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

13:31 К.Бакиевди туулган күнү менен Орусиянын, Казакстандын, Татарстандын жана Украинанын президенттери куттукташты


Аталган мамлекеттердин мамлекет башчылары жолдогон куттуктоо телеграммаларында Кыргызстан менен кызматташтыгын тереңдетүү, эки тараптуу мамилелердин бекемделишине кызыкдар экенин билдиришти. Ошондой эле куттуктоо телеграммасы президент К. Бакиевге жана жалпы кыргыз элине тынчтык жана туруктуулук каалоосу менен коштолду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.Ал эми президенттин маалымат-катчысы Нурлан Шакиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, мамлекет башчы туулган күнүн адаттагыдай эле жумушта өткөрөт жана расмий шаан-шөкөттөр уюштурулбайт. Кыргыз мамлекет башчысы 1949-жылы 1-августта Жалалабат облусунун Сузак районунда туулган. Бүгүн ал 59 жашка чыкты.(MSu,EBM)

XS
SM
MD
LG