Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

15:40 “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясы уюштурган “1916-жылдагы кыргыздардын улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн тарыхый мааниси” аттуу талкуу болду


Иш чарага тарыхчы, окумуштуу илимпоздор катышып, падышалык Орусиянын баскынчылыгына каршы кыргыздардын улуттук боштондук күрөшү кыргынга алып келгенин айтышты. Ошондой эле Орусия бул үчүн кыргыз тараптан расмий турдө кечирим сурап, материалдык чыгым төлөп берүүсү керек деген ойлор да айтылды. Бирок бул үчүн кыргыз тарап канча эл кыргынга учурап, кайдай зыянга кабылганын тактап туруп андан кийин Орусияга доомат артышы керектиги да белгиленди. Тарыхчылардын болжолдуу маалыматына караганда 200 миңдей түндүк кыргыздары кыргынга учураган. Ошол учурда бүткүл кыргыздардын саны 600 миңдин тегерегинде болгон.
Жыйындый соңунда илимий топ түзүү, даректүү изилдөөлөрдү жүргүзүү, Бишкекте, Боом капчыгайында, Балыкчынын кире беришине тарыхый эстеликтерди куруу сыяктуу иш-чаралар белгиленди.
Бул күн расмий түрдө биринчи белгиленип жатса дагы бийлик тарабынан жетишээрлик колдоо болбогону дагы катышуучулар тарабынан айтылды. Бул жылдын 18-апрелинде Жогорку Кеңеш ар жыл сайын август айынын биринчи жума күнү 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштө курман болгондорду эскерүү күнү экендиги тууралуу токтом кабыл алган. (MSu)

XS
SM
MD
LG