Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

13:50 Бүгүн темир жолчулардын кесиптик майрамы


Темир жолчулардын кесиптик майрамы ар жыл сайын август айынын биринчи жекшембисинде 1994-жылдан тартып белгиленип келет. Кыргызстанда темир жолдун жалпы узундугу 424 кмге чукул. Республикада алгачкы поезд каттамы Луговой- Пишпек участкасы менен 1924 –жылы 8-августтан тарта жүрө баштаган. Кыргыз Темир Жолу өлкөнү Казакстан, Өзбекстан жана Орусия менен байланыштырып турат. Учурда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан маршруту боюнча темир жолду куруунун долбоору даярдалууда.(MSu)

XS
SM
MD
LG