Жыйынтык билдирүүдө сегиз өлкөнүн лидерлери кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча кызматташтык маселелерин талкуулаганы айтылат. Саммиттин катышуучулары ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды да акылдашты. Глобалдык кризис жана табигый кырсыктар учурунда керек боло турган азык-түлүк кампасын түзүү жөнүндө планы иштелип чыкты.