Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:11

ПАКИСТАНДЫН ЧАЛГЫН КЫЗМАТЫНДА ТАЛИПТЕРГЕ ЖАН ТАРТКАНДАР БАРБЫ?


Кубат Чекиров, Прага Индиянын Кабулдагы элчилигинде 7-июлдагы болгон жардырууга Пакистандын Ай-Эс-Ай (ISI) чалгын кызматынын катышы бар деген жоромол Карзай менен Гиланинин Шри Ланканын ордо шаары Коломбодогу жекшемби күнкү жолугушуусунда талкууланган башкы маселе болду. Ооганстан, Индия жана АКШ тарап алтымыш адамдын өмүрүн алган кыянат жардырууну уюштурууга Ай-Эс-Ай агенттиги тымызын кол кабыш кылган деген жоромолун билдиришкен. Расмий Исламабад мындай айыптоолорду жакын жуутпай четке каккан.

2-августта Түштүк Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташтык уюмунун жыйынында сүйлөгөн сөзүндө ооган президенти Хамид Карзай Пакистанды эл аралык террорчулардын уясына айланып калды деп айыптаган.


- "Үзгүлтүксүз уланган жакырчылык, тамак-аш жана отун-кубат каатчылыгы, экологиялык жакырдануу сыяктуу көп сандаган көйгөйлөр кедерди кесип турган тапта, террорчулук булардын баарынан ашып түшкөн эң орчундуу жана эң коркунуч туудурган көйгөй болуп саналат», - деп сүйлөгөн Хамид Карзай.

Ал ортодо Пакистандын премьер-министри Йусуф Реза Гилани мырза эгерде президент Карзай Пакистандын элчиликти жардырууга кандайдыр бир катышы бар экенин ырастаган далилди көрсөтсө, анда ал көз каранды эмес иликтөө жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди.

«Нью Йорк таймс» гезити болсо 31-июлдагы санында ысымы аталбаган бир америкалык төбөлгө шилтеме кылуу менен Кабулдагы Индия элчилигин жардыруу окуясынын артында Пакистандын чалгын кызматы тургандыгын жазып чыкты.

Ошол эле күнү Пакистандын өкмөтү Ай-Эс-Айдагы (ISI) талиптерге жан тарткан айрым элементтерден бул чалгын кызматын тазалоо керектигин мойнуна алды. Маселен, Пакистан өкмөтүнүн басма сөз өкүлү Шерри Рахмандын айтымында, Ай-Эс-Айдын катарында иштеп жаткан айрым тыңчылардын идеологиялык көз карашы тээ 1980-жылдары Ооганстанда советтик аскерлерге каршы күрөшкөн исламчыл жоочулардын таасири астында калыптанган ыктымалдуулукту жокко чыгарбады.Мындай тыңчылар өздөрүнүн эски идеологиялык чидеринен чыга албай, азыркы өкмөттүк саясатка көнө албай жатышы ажеп эмес.

«Биз мындай кишилерди ажыратып таанып жана алардан кол үзүүгө тийишпиз, - деп билдирди Шерри Рахман.

Ай-Эс-Ай чалгын кызматында талиптерге жан тарткан кишилер болушу мүмкүн деп айтып алган менен, Шерри Рахман соңку учурларда өз сөзүнөн кайра баш тартып, жогоруда айтылган кадрдык көйгөйлөр тээ илгери орун алган, ал көйгөйлөр азыркы учурга таандык эмес деп сүйлөй баштады.

Пакистан бийлиги АКШ жетектеген күчтөр Ооганстанда антитеррордук өнөктүк баштаган 2001-жылдан бери өзүнүн коопсуздук күчтөрүнүн миңден ашык кызматкери исламчыл козголоңчуларга каршы күрөштө курман болгонун билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG