Кошмо Штаттардын БУУдагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Ричард Гренеллдин кечеги билдирүүсүнө караганда, иран өкмөтү эл аралык коомчулуктун уран байытууну токтотуу жөнүндөгү талабын аткарбаары анык болуп калды. Мындай шартта Коопсуздук кеңешинде санкцияларды күчөтүүдөн башка арга жок. Америкалык расмий өкүлдүн мындай билдирүүсү Иран талаштуу өзөктүк программасынан баш тартуусу үчүн дүйнөнүн алты ири өлкөсү: АКШ, Британия, Франция, Германия, Кытай жана Орусиянын сунуштар топтомуна жооп берүүсү үчүн берилген бейрасмий мөөнөт аяктаган соң айтылды.
АКШ Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Иранга карата санкцияларды күчөтүүсү керек деп эсептейт