Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

17:20 Чоң Алайдагы Ленин чокусунда эки турист жоголуп, бирөөнүн сөөгү табылды


Чоң Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Имат Исаков «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Чехиянын жараны 36 жаштагы Мария Шмелерова 15-июлда 6900 метр бийиктикке өзү жалгыз көтөрүлгөн бойдон дайынсыз. Аны издеген топ мурдараак жоголгон Иран атуулу Хусейн Мухаммаддын сөөгүн таап, Ошко экспертизага жөнөтүштү.
Жергиликтүү талдоочу Эркин Абдыразаковдун баамында, жогорудагы окуя биринчиси эмес. Чоң Алайда жыл сайын адам өмүрү кыйылат. Ошосл себептүү бул аймактагы жеке альпинисттик лагерлерди туризм агенттигинин карамагына өткөрүп, куткаруучулар жана атайын техникалар менен жабдымайынча акыбал жакшырбайт.(ATo)

XS
SM
MD
LG