Талас облустук администрациясынын жыйындар залында жакында эле болгон кышка даярдык боюнча жыйында Талас облустук «Түндүк электро» бөлүмүнүн жетекчиси Нурдин Осмонов облустун тургундары электр кубаттуулугун республика боюнча коюлган чектен ашык пайдаланган деп өз докладында айтып кетти.
210 млн. кВт/саат берилген бүгүнкү күндө 230 млн. кВт/саат пайдаланып, 6 айдын жыйынтыгы менен 19 млн. кВт/саат ашык пайдаландык. Түнкү чектөөнү киргиздик, айдын жыйынтыгы менен 12 млн. кВт/сааттан ашпайбыз деп ойлоп жатабыз.
Башка облустарга салыштырмалуу Таласка электр кубаттуулугуна болгон чектөө эки эсе көп экенин Нурдин Осмонов мындайча билдирди:
Нарынга 25 млн. кВт/саат берилген, Ысык-Көл облусуна 42 млн. кВт/саат берилген, Баткенге 26 млн. кВт/саат берилген, Таласка 12 млн. кВт/саат берилген бир айга.
Облус губернатору Бейшенбек Болотбеков мындай көрүнүшкө нааразы болуп, бул маселени өкмөттүн астына коё турганын билдирди.
Эми пропорция боюнча жок дегенде бизге 16 млн. кВт/саат берилиши керек эле. Бизге 16-17 млн. кВт/саат берилиши керек болчу. А эмне үчүн 12 млн. кВт/саат эле берет? Эмне критерий менен алынган? Бул формуланы бир да киши түшүнбөйт. Мындай формуланы Аристотелденби, Ньютондонбу көрө элек элем. Эмне үчүн билесиңби…? Муну президентке чейин көтөрүш керек.
Бүгүнкү учурда Талас өрөөнү боюнча электр жарыгы бир суткада эки маал өчүрүлөт. Күндүзгү саат 3төн, кечки 7ге чейин анан түнкү 12ден таңкы 6га чейин. Жогоруда айтылгандай электр жарыгынын өчүшү калк тургундарына кандай таасирин тийгизүүдө? Талас шаарынын тургуну электр жарыгынын өчкөнүнөн улам үйүндөгү сыналгысы күйүп кеткенин айтып, кышында электр кубаттуулугу болбосо, президент Курманбек Бакиев айткандай тезек терүүгө баарынын эле шарты келе бербейт деген оюн ортого салды:
Карапайым элдерге көмүр алыш кыйын. Тезек чогултууга ар бир эле айылда мал толтура эмес. Ар кандай, бириники бар, бириники жок. Анан кийин электр энергиянын өчүшү боюнча мен аздыр-көптүр өзүмдүн оюмду айтып кетсем. Көп нерсеге залалын келтирип жатат. Эмне дегенде электр эмеректери жарактан чыгып жатат.
Ошондой эле пикирин Талас шаарынын тургуну Жакыпбек Төлөгөнов билдирип, электр энергиясынын тартыштыганан улам Талас токою кыйылып жок болуп кетүү коркунучунда деп коопсузданат.
Макул болобузбу, болбойбузбу, айып пул салабы, салбайбы эл акыры кирет токойго. Күнүмдүк жылуулугун канааттандырыш үчүн, керектуу нерселерин алыш үчүн барат, буга аргасыз барат! Турмуш өзү алып барат!
Талас жергесинде бүгүнкү учурда калктын саны 217 миң, жалпы 50 миңдей түтүн болуп саналат. Айрым жетекчилердин эсептегени боюнча облуста жалпы турак жайдын аянты 3 млн. 107 чарчы метр болсо, анын ар бир чарчы метрин көмүр менен жылытуу 11 сомдон айланат. Муну ишке ашырыш үчун бардыгы болуп жалпы эсеп менен 330 млн. сом жумшалып 110 миң тонна көмүр керектелет.