Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:03

М.БЕГАЛИЕВ: ЧЫҢГЫЗ АГА МЫЙЗАМДАН ЖОГОРУ КИШИ


Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөнүнө эки айга чамалап барат. Улуу жазуучу, кеменгер инсанды жеке кыргыз журту гана эмес дүйнө эли жоктоп тургандай сезилет. Белгилүү композитор, Улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев “Азаттыктын” түз обосунда Ч.Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу маселесинин айланасында маек курган.

“Азаттык”: Муратбек мырза, Чыкебиздин атын түбөлүккө калтыруу боюнча суроо менен сөзүбүздү баштасак. Албетте, жазуучунун чыгармалары – түбөлүктүү. Андан тышкары азыр Таласта Кызыл-Адырды Чыңгыз шаарчасы деп атоо демилгеси ишке ашканы калыптыр. Бишкекке Айтматов ысымын ыйгаруу демилгеси көтөрүлүудө. Сиз мындай аракеттерге кандай карап атасыз?

М. Бегалиев: Албетте өнөр чөйрөсүндө аябай эле оор жоготуу болду. Жалаң эле кыргыз эли үчүн эмес, бүткүл дүйнө, өнөр адамдары Чыкемди азыр эскерип атабыз. Өзүңүз айткандай жаңы эле Таластан келдик. Талас элине ырахмат, аябай эскерип атышкан экен. Менин жүрөгүмдү жылыткан нерсеси ушул болду, Шекер айылынын маңдайында эки чоку бар экен. Эки чокунун бири Манас чокусу деп аталса, биринин эмдигиче аты жок экен. Эл алдында ошол чокуну Чыңгыз чокусу деп атайлы деген сунушту айтышты. Бул улуу адамдын атын атайылап атабаса деле, эл өзү атайт экен. Анан жөн эле кичинекей ишкананы, же болбосо аталбай турган нерсеге эле атын кой берсе, албетте, оркоюп чыгып калат дагы, туура эмес иш болуп калат. Ал эми атала турган нерселерди тууралап, кеңешип кескен бармак оорубайт дейт.

“Азаттык”: Бишкекке коюлуш демилгесин кандай карап жатасыз?

М. Бегалиев: Менде бир нече ой бар. Биринчиси өзүңүз айтып аткандай Бишкек шаарынын атын эгер Чыңгыз, же Айтматов шаары деп атап койсо, картага да түшсө, бүткүл дүйнөдө аябай бир жакшы иш болот эле менин оюмча. Мен Чыкем менен жакындан байланышып, жакындан жакшы билип калбадымбы, Бишкекте Эркиндик бульвары бар го, ошону дагы Чыңгыздын бульвары деп атап койсо абдан жакшы болот эле. Ал жерде өнөр адамдарынын эстеликтери турат.

“Азаттык”: Ошол эле мезгилде жакында президент Курманбек Бакиев кол койгон айыл-шаар аттарын адам аттары менен атоого тыюу салган мыйзамга кол койбодубу Мындай демилгелер бул мыйзамга каршы келебейби?

М. Бегалиев: Чыңгыз ага жөнүндө бул эч кандай деле чекилик болбойт эле. Ал киши закондон тышкары киши деп айтсак да болот, улуу адамдын атын сөзсүз коюш керек го деп ойлойм.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG