Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Александр Солженицын акыркы сапарга эртең узатылат


Ал эми коомчулук өкүлдөрүнүн маркум менен коштошуусу бүгүнтөн тарта башталмакчы. Орусиянын адабий алпы, адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты 90 жаш курагында, 4-августка караган түнү Москвадагы үйүндө дүйнөдөн өттү. Александр Солженицын көптөгөн романдар менен повесттердин, көркөм чыгармалардын автору. Алардын эң белгилүүлөрүнүн бири – сталиндик лагерлер тууралуу чындыкты баяндаган "Архипелаг Гулаг". Дал ушул эмгеги үчүн ал 1974–жылы СССРдин жарандыгынан кол жууп, эмиграцияга кетүүгө мажбур болгон. Адабият боюнча Нобель сыйлыгына мунун алдында 1970-жылы арзыган эле. Орусияга Солженицын кайра 1994-жылы кайтып келген болчу.

XS
SM
MD
LG