Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

Рио де Жанейродо наркосоодагер деп шектелген он адам жок кылынды


Бразилиянын Рио де Жанейро шаарындагы жакыр райондордун биринде бүгүн атышууда полиция наркосоодагер деп шектелгендердин кеминде онун жок кылды. Полиция менен куралдуу наркосоодагерлер ортосундагы күнүмдүк кагылышуулардан улам Рио де Жанейро дүйнөнүн эң коркунучтуу шаарларынын бири катары эсептелет. Полициянын маалыматына караганда, былтыр жыл бою наркосоодагер деп шектелгендердин 1330у атып өлтүрүлгөн. Бул мурдагы жылдагыдан 25 пайызга көп. Адам укугун коргоочулар Бразилия полициясын мындай аракеттери үчүн айыптап келүүдө.

XS
SM
MD
LG