20 кишиден турган Кыргызстандын Олимпиадалык курамы эртең таң эрте менен жолго чыгат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. Бүгүнкү күнгө 4 кыргыз спортчусу эл аралык олимпиада оюндарына катышуу үчүн Бээжинге жеткирилди. Алар: сүзүүчүлөр - Виталий Васильев, Василий Данилов, Юрий Захаров жана мерген Тахир Исмаилов. Агенттиктен билдиришкендей калган спортчулар мелдешүү жадыбалына жараша кезек-кезеги менен Кытайга жеткирилип турмакчы. (EK)