Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

Э. КӨЧҮМКУЛОВА: БИЗДЕ АЧЫК КООМ БАР ДЕП ОЙЛОЙМ


Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек Кечээтен (4-август) бери Ысык-Көлдө Гарвард университетинин Борбор Евразияны изилдөө коому менен Борбордук Азия университети эл аралык илимий конференция өткөрүүдө.Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан бул эл аралык конференция тууралуу илимий этнография жана маданий антропология боюнча илимдин доктору Эльмира Көчүмкулова “Азаттыктын” таңкы маегинде кеп куруп берди.

“Азаттык”: -Гарвард университетинин Борбор Азияны изилдөө коому дүйнөлүк окумуштуулар чөйрөсүндө таанымал илимий борборлордун бири. Ошол уюштуруу тарап эмне үчүн Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен конференция үчүн Кыргызстанды тандап алды деген суроо туулуп атат?

Э. Көчүмкулова: Мен биринчиден Борбор Азияны изилдөө борбор коому жөнүндө кыскача айтып өтөйүн. Бул уюм саясий эмес, пайда табууну көздөбөгөн илимпоздор тарабынан Түндүк Америкада негизделген уюм болуп эсептелет. Бул уюмдун максаты Борбордук Азиянын тарыхын, тилдерин, маданияттарын, коомчулуктарын изилдөөгө арналат. Кыргызстанды тандап алган себеби, өзүңүздөргө белгилүү пост-советтик көз карандысыз мамлекеттердин ичинен Кыргызстан башынан эле коңшу өлкөлөргө салыштырганда демократиялык идеяларды кабыл алыган, алдыга умтулган өлкө болуп салат. Бизде ачык коом бар деп ойлойм. Себеби чет өлкөдөн келген окумуштуулар Кыргызстанга келип өздөрү каалаган илимий иштерди өткөрө алышат. Аларга мамлекет, же коомчулук тарабынан эч кандай каршылыктар көрсөтүлбөйт. Булар жергиликтүү кыргыз окумуштуулар менен бирдикте коомдук, саясий, диний маселелердин үстүндө илимий иштерди эркин талкуулай алышат.

“Азаттык”: -Конференция кечээ башталды. Илимий талкуулар 3-4 күнгө созулчудай. Алгачкы күнкү талкуу кандай өттү, негизги маселенин чордону эмнеге бурулчудай?

Э. Көчүмкулова: Кечээ бул конференциянын ачылышы болду. Анда жергиликтүү окумуштуулар менен чет өлкөлүк окумуштуулар бири-бири менен таанышышты. Бул конференцияны уюшутуруп аткандардын бири болуп Бишкектеги “Айгине” илимий изилдөө борбору болуп саналат, экинчи уюштуруучусу “Агахан” фондунун Борбордук Азия университети болуп эсептелет. Негизги докладдар бүгүн башталат. Докладда тарых, маданият, саясат, социалдык маселелерге арналган бардык темалар камтылган. Негизинен бул конференция жергиликтүү окумуштууларга, илимпоздорго аябай пайдалуу деп ойлойм. Себеби жергиликтүү окумуштууларга бул конференциянын АКШда өтүшү, ал жака баруу каражаты, виза меселеси, тамак-ашы аябай кымбатка турат. Ошол себептен иш-чаранын бирден-бир максаты бул жердеги окумуштууларга мүмкүнчүлүк берүү, алар жасап жаткан илимий иштери тууралуу батыштык коллегаларына атйып берип, окумуштуулар ортосунда тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүп атат. Бул конференцияда көбүнчө кыргызстандык жаш, такшалып келаткан окумуштуулар, ошондой эле илимдин докторлору да катышып атышат.

“Азаттык”: -Сиздин оюңузча Кыргызстанды чет өлкөдө иликтөөнүн мааниси эмнеде турат?

Э. Көчүмкулова: Негизинен жалпы Советтер Союзундай эле Кыргызстан эл аралык илимий чөйрө үчүн жабык аймак болгон да. Чет элдик академиялык чөйрө Кыргызстан жөнүндө көбүрөөк билүүнү, кыргыздардын маданиятын, салтын, азыркы болуп аткан ар кандай демократиялык өзгөрүүлөрүн изилдөөгө абдан кызыгышат. Конференциянын дагы бир негизги максаты – жергиликтүү окумуштууларды чет өлкөгө да таанутуу, пикир алмашуу, изилдөөчүлөр арасында илимий тажрыйба менен бөлүшүү болуп эсептелет. Кандайдыр бир оригиналдуу илимий изилдөөлөрдүн негизинде Кыргызстандын өнүгүүсүнө өнүгүүсүнө салым кошуу.

“Азаттык”: -Маегиңизге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG