Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:49

18:25 Торугарт чегара бөлүгүнөн октон жарадар болгон жоокер дарыланууда


Нарын шаарындагы Тайлак баатыр атындагы №20-25 чегара аскер бөлүктүн Торугарт заставасынын катардагы жоокери Шаршебай уулу Эрмек учурда Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Дарыгерлерден жоокердин сол жак акырек тушуна ок тийип, ок дал ортосунан чыгып кеткендиги тууралуу маалыматтар алынды. Ал эми бир катар маалыматтарда жоокер өзүн-өзү аткан деген билдирүүлөр таркатылган эле. Мындай жүйөөгө жоокердин атасы Шаршебай Мамбетсеитов макул эмес. “Баламды аскер бөлүктүн кызматкерлери күч менен түшүнүк кат жаздырып, өзүн-өзү атты деп артын тазалашууда. Балам өзүн-өзү атмак эмес”, дейт Шаршебай Мамбетсеитов. (KUs)

XS
SM
MD
LG