Жергиликтүү талдоочу Эмил Каниметовдун пикиринде Кыргызстанда америкалык “Манас” аскерий базасын чыгаруу үчүн көмүскө аракеттер жасалууда. Серепчи бийликте турган адамдар башка сырткы күчтөр менен бирдикте АКШга карата өтө опурталдуу оюн алып барууда деп эсептейт. “Буга жакында эле Хаят мейманканасынын тегерегиндеги окуя жана бүгүнкү америкалык аскерлер жашаган үйдөгү курал-жарактардын табылышы мисал боло алат” – дейт Эмил Каниметов. Талдоочунун оюнча АКШ жаманбы-жакшыбы демократияга умтулган мамлекет. Андыктан андан кол үзбөө керек. (EK)