Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:30

12:42 Жарандык коом президентке жергиликтүү кеңештерге шайлоону таза өткөрүүнү талап кылган кайрылуу жолдоду


Кыргызстандагы жети укук коргоо жана бейөкмөт уюм кайрылуусунда ушул жылдын 5-октябрында өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоону таза, ачык жана калыс өткөрүү адам укугун сактоо, мыйзамдуулук жана демократияга ишенимди бекемдөөгө жана шайлоочулардын ишенимин кайтарууга жакшы мүмкүнчүлүк деп белгилеп, мамлекет башчысын анда саясий эркин көрсөтүүгө чакырды. Аткаруу бийлигин административдик ресурсту колдонуудан баш тартууга, Борбордук шайлоо комиссиясын бардык шайлоо участкаларында добуш берүүнүн ачык жана калыс жүрүшүн камсыздоого үндөдү. Андан тышкары саясий партиялар өз максатына жетүү үчүн саясий коррупциянын куралдарын колдонбойт деген ишенимин билдирип, шайлоочуларга шайлоо укугун акыл-эс жана активдүү колдонуу чакырыгын таштады.(BD)

XS
SM
MD
LG