Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

17:20 Кесиптешинин өлүмүнө шектүү деп кармалган төрт милиция кызматкеринин жакындары нааразылык билдиришүүдө


Токмок шаардык ИИБнүн төрт кызматкери өздөрү менен чогуу иштеген Руслан Алымкуловдун өлүмүнө шектүү деп бир ай мурун кармалышкан. Учурда тергөө жүрүүдө. Бирок айыпталуучулардын жакындары тергөө иштери акыйкат жүрбөй жатат деп маалымат каражаттарына кайрылышууда. Азыр кармалгандардын ден соолугу начарлап, убактылуу кармоочу жайда болсо күчтөп моюнга алдыруу аракеттери да көрүлүп жатканын кошумчалашкан. Ал эми бул кылмыш ишин иликтөөгө алган Чүй облустук прокуратурасынын тергөөчүсү Азат Өскөнбаев бул иш оор кылмыштын түрүнө кирээрин белгилейт. Тергөөчүнүн айтымында, шектүү деп кармалгандардын бири эч кандай кыйноосу жок эле, кылмышка катышы бар экендигин далилдеген көрсөтмө берген. Үстүбүздөгү жылдын 20-май күнү милиция кызматкери Руслан Алымкулов киши колдуу болуп каза тапкан. (JJ)

XS
SM
MD
LG