Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

17:35 Кажы-Сай шаарчасынын курулушчулары ачкачылык акциясына камданууда


Жети-Өгүз районундагы Кажы-Сай шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөр 5 жылдан бери кароосуз калып, таланып-толонуп жаткандыктан, өткөн жылы айыл өкмөттүн чечими менен ”Квитилион” фирмасына берилип, оңдоо иштери башталган. Жаңы шайланган айыл өкмөтү келгенден бери ал үйлөрдүн ээлери пайда болуп, батирлерди кайтарып алуу боюнча сотко арыздануу иштери башталды. Фирманын жетекчиси Азиза Мамбетказиеванын айтуусунда, юридикалык документтер боюнча бул үйлөр кароосуз катары айыл өкмөттүн балансына өткөн. 258 батирди толук калыбына келтирүү үчүн 30 млн. сом жумшалды. Келишим боюнча бардык шарты бар 25 батир айыл өкмөтүнө берилмек. Бирок жергиликтүү бийлик кызыкдар катары сот ишине кийлигишип жатканын атйкан курулушчулар менен жергиликтүү элдин бир даары бул туристтик комплекс быйыл ишке кирбей калганына нааразыланып, ачкачылык жарыялоого камданышууда. Ал эми жаңы айыл өкмөтү Нурлан Урманбетов бул иш боюнча келишим менен тааныш эместигин айтты. (RB)

XS
SM
MD
LG