Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Түштүк Осетиянын жетекчилиги грузин өкүлдөрү менен сүйлөшүүнү четке какты


Грузия жикчил аймагы катары эсептеген Түштүк Осетиянын жетекчилиги грузин расмий өкүлдөрү менен бүгүнкүгө белгиленген түз сүйлөшүүнү четке какты. Бул эки тараптын ортосунда акыркы он жылдагы алгачкы түз сүйлөшүү болмок. Түштүк Осетиянын лидери Эдуард Кокойтонун Интерфакс агенттигине билдиргенине караганда, алар тарап бүгүнкү мерчемделген сүйлөшүүгө катышпайт. Кокойтонун айтымында, алар төрт форматтуу: Грузия, Орусия, Түштүк Осетия жана Орусия курамындагы Түндүк Осетия катышкан жолугушууга гана даяр.

XS
SM
MD
LG