Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

УКУК КОРГООЧУЛАР МИТИНГДЕРДИ ЧЕКТЕГЕН МЫЙЗАМДЫ ЖОККО ЧЫГАРУУ НИЕТИНДЕ


Аманбек Жапаров, Бишкек Бейөкөмөт жана коомдук уюмдардын, айрым саяcий партиялардын өкүлдөрү «Жарандардын тынч куралсыз чогулуу, митинг, жүрүштөрдү эркин өткөрүү жөнүндөгү» өзгөртүү киргизилген мыйзамга президент Курманбек Бакиевдин кол койгонун саясий чечим катары баалап, Конституцияга карама-каршы келерин айтышууда. Алардын көз карашында социалдык-экономикалык абалдын оорлошунан улам эл күзүндө митинг, демонстрацияларга чыгышы мүмкүн деген божомолдордон чочулаган бийлик ушундай кадамга барды. Ал эми саясат таануучу Жолборс Жоробеков болсо митинг, жүрүштөрдү чектеген президент кол койгон мыйзамды колдоорун билдирди. Ал бул мыйзам митингге чыкпаган адамдардын укугун коргоп, баш аламандыкка жол бербейт деп эсептейт.

Бир катар укук коргоочулар өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин митинг, жүрүштөрдү өткөрүү жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койгону авторитаризмге жол ачып, Кыргызстан демократиялык принциптерден артка чегинип, адам укугун басмырлаган өлкөгө айланып баратат деген көз караштарын айтып чыгышты.

Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бул мыйзам Конституцияга карама-каршы келерин, элдин эркин пикир билдирүүсүнө чек коюларын белгилешти.

“Интербилим” бейөкмөт уюмунун лидери Асия Сасыкбаева буга чейин ЕККУ баш болгон эл аралык уюмдар, жарандык коом өкүлдөрү бул мыйзамга кол койбоо өтүнүчү менен президентке кайрылышканын, бирок мамлекет башчы ага көңүл бурбаганын билдирди.

Айрым саясий партиялардын өкүлдөрү азык-түлүк, электр энергиясы, газ, күйүүчү майлардын кымбатташынан улам өлкөдө оор экономикалык-социалдык абал түзүлсө, карапайым калк күзүндө жүрүштөргө чыгып, бийликке нааразылыктарын билдириши мүмкүн деген божомолдорун айтышууда.

Президенттин тынч митинг, жүрүштөрдү чектеген мыйзамга кол коюушун коомчулукта элдин үшүн алууга алдын ала көрүлгөн чара катары баалашууда. “Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев муну саясий чечим деп эсептейт:

-Бул мыйзам долбооруна президенттин кол коюшу биринчиден, мыйзамдуу эмес. Муну саясий чечим деп ойлойм. Анткени элдин эркин оюн басып, эл көчөгө чыгып кетпесин, оппозициянын артынан кетпесин, митинг, пикеттерди уюштурбасын деген максатта эле кол коюлуп жатат.

Саясат таануучу, профессор Жолборс Жоробеков болсо Жогорку Кеңештин депутаты Искак Масалиевдин демилгеси менен митинг, жүрүштөргө чектөө киргизген мыйзам долбоорун башынан эле жактырганын, бул мыйзамга президенттин кол коюшун колдоорун билдирди.

- Президент бүгүн кол койгон бул мыйзам менимче туура болду. Болбосо азыр 300-400 адамды Ош базарынан болобу, же башка жерден болобу акча төлөп алып келип алышып Ала-Тоо аянтын же башка жерди тосуп, миллиондуу шаарга будуң-чаң түшүрүп, башкалардын укугун тебелеп, тынчын бузуп жатышпайбы.

Жолборс Жоробековдун белгилешинче, демократиялык коомду курууда, мамлекетте тартиптүүлүк дагы болушу зарыл.

Буга чейин “Мен ишенбейм” жаштар кыймылы, “Ата Мекен” партиясынын жаштар канаты ар кандай саясий акцияларды өткөрүп жүргөнү коомчулукка маалым. Жоомарт Сапарбаевдин айтымында, бул мыйзамга жаш саясатчылар баш ийбестигин билдиришүүдө:

- Бул мыйзам бизге тоскоол болбошу керек. Анткени бул мыйзам биринчиден, биздин Конституцияны бузуп жатат. Бул биздин укуктарыбызды бузуп жатат. Ошондуктан кандай гана болбосун биз тараптан, жаштар тараптан бул мыйзам кабыл алынбайт. Бул мыйзамга баш ийбейбиз. Аткени бул биздин укуктарды бузуп аткан мыйзам. Буга каршы биз иштей беребиз.

“Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова эми атуулдар бийликке өз оюн ачык айтуудан, өз укуктарын коргоо мүмкүнчүлүгүнөн куру калышаарын белгилеп, укук коргоочулар бул мыйзамды жокко чыгаруу аракетин көрүшөөрүн кошумчалады.

«Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча демилге көтөрүп чыккан депутат Исхак Масалиевдин мыйзам долбоору 13-июнда парламент тарабынан жактырылып, президентке кол коюуга жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG