Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

7-АВГУСТ: «ТАРЫХ БАРАКТАРЫ»


1916-жылдын бу күнү кыргыз элинин Улуттук боштондук кыймылы башталган. Кыргызстан наркому И. П. Лоцмановдун көрсөтмөсүнө ылайык 1937-жылкы Кыргызстан КП (б) БКнин I съездине шайлангандар толугу менен калк душмандары атанып, сот жообуна тартылышкан.

Кыргыз элинин импреиялык бийликке каршы чыккан боштондук кыймылы 1916-жылдын бу күнү күчүнө кирди. Убактылуу өкмүттүн комиссары М. Бройдонун маалыматына караганда кыймылдын башталышына «Кемин өрөөнүндөгү Новороссийка кыштагынын кыргыздары жергиликтүү орус дыйкандарын кырыптыр» деген кабарды беймаалым адамдын Токмок шаарына жеткириши себеп болгон.

Токмок шаарында жашаган орустар бу кабарды уккандан кийин, кол топтоп куралданышып Кеминге аттанышкан. Жолдо алар кезиккен кыргыздарды кырышып, алардын айыл-кыштактарын талкалап жүрүп отурушкан. Орус отряды Новороссийка кыштагына келишип мындагы кыргыздардын бейкам эле талаада иштеп жүргөнүн көрүшкөн. Анткен менен орустардын кыргыздарды кыргандыгы туурасындагы кабар Түндүк Кыргызстанга тездик менен тарап, эми кыргыздар орус аскелерине эле эмес, алардын айыл-кыштактарын кол салып башташкан.

Хисамутдин Шабданов 1916-жылдын бул күнү Жетисуу областындагы боштондук кыймылдын жетекчилеринин бири Канаат Абукинге Пржевальск уездинин айрым айылдары Кытайга жер которо тургандыгын билдиришкен. Анын себебин алар орус бийлигинин астында аскер кызматын өтөбөй тургандыгы менен түшүндүрүшкөн.

Кокондук атчандар 1875-жылдын бу күнү Ташкенден 70чакырым алыстыкта орун алган Төлү чек ара күзөтүнө кол салышкан. Ушул эле күнү генерал-лейтенант Головачев баштаган падыша аскерлери козголоңчуларга каршы жөнөтүлгөн.

Кыргызстандын Ички иштер наркому И. П. Лоцмановдун 1939-жылдын 7-августунда берген көрсөтмөсүнө ылайык 1937-жылкы Кыргызстан КП (б) БКнин I съездине шайлангандар толугу менен калк душмандары атанып, сот жообуна тартылышкан.

Үчилтик атанган партиялык жазалоо куруму тарабынан 5110 адам соттолгон. Ал эми Четвертаков жана Лоцмановдун тушунда Кыргызстанда 7610 адам жазаланып, алардын көбү атылып, айрымдары дарексиз жоголуп кеткен.

Бу күнү, 1782-жылы Петербургдагы Петр I «Медный всадник» эстелиги тургузулуп, 1907-жылы орус физиги Б. Розин теле көрсөтүү системасын ачып, ага патент алып, 1903-жылы англис археологу Луи Лики, 1904-жылы америкалык дипломат, Нобель сыйлыгынын лауреаты Ральф Банче, 1945-жылы композитор Александр Журбин жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG