Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

ДҮЙНӨЛҮК ПРАКТИКАДА СПИД БАЛАДАН ЭНЕГЕ ЖУКПАЙТ


Маектешкен Алишер Токсонбаев, Ош Ош шаардык соту он төрт медициналык кызматкердин үстүнөн козголгон кылмыш ишин териштирип бүттү. Жумушуна шалаакы мамиле жасап, бир нече балага жана энеге ВИЧ илдетин жуктурган деп айыпталган дарыгерлерге сот өз өкүмүн угузду. Бул кылмыш иши боюнча айыпталуучулардын бири, Оштогу СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун директору Түгөлбай Мамаев менен бул соттук териштирүү, Оштогу СПИД дартына чалдыккандардын абалы тууралуу “Азаттыктын” кабарчысынын суроолоруна жооп берген.

“Азаттык”: - Түгөлбай мырза, учурда Ошто СПИД боюнча кырдаал жалпы жонунан кандай?

Т. Мамаев: - Бүгүнкү күндө кырдаал ошол боюнча турат. Республика боюнча бул илдет менен официалдуу катталган кишилердин саны 1591. Анын ичинен эң көбү Ош шаарында, бүгүнкү күндө - 461. Андан кийинки Ош, Жалал-Абад облустарында. Жалпысынан бүгүнкү күндө бардык региондордо илдетке чалдыккандар катталган.

“Азаттык”: - ВИЧ илдети кандай жолдор менен жугаары аныкталууда?

Т. Мамаев: - Билесиздер, Ош наркотрафик болуп эсептелет. Ошондуктан бүгүнкү күндө официалдуу түрдө ВИЧ оорулуулардын 80 пайызы баңги зат колдонгондордун арасынан катталган. Ал эми 16 пайыз жыныстык жол аркылуу, 3 пайыз энеден балага жуктургандар. Айтып коюшубуз керек, СПИД биринчи аныктала башталганда илдетти алып жүргөндөрдүн 99 пайызы ийне сайынган баңгилер болчу. Тилекке каршы бүгүнкү күндө жыныстык жол менен жуктургандар көбөйүп баратат.

“Азаттык”: - СПИДди башкаларга жуктурган деп дарыгерлердин айыпталышы түшүнүктүү. Ал эми сиз жетектеген борбордун бул коркунучтуу илдетти жайылтканга кандай тиешеси бар?

Т. Мамаев: - Ош облусу боюнча биз методикалык борбор болуп эсептелебиз. Биз Майлуу-Сайдын илдетти жуктургандарга түздөн-түз тиешебиз жок. Ал ошол жердеги расмий инфекция борборунда иштеп аткан медициналык кызматкерлерге тиешелүү. Ошондуктан биз бардык жарандарга ийне алып жатканда дарыгер көрсөтүп туруп шприцтерди ачыш керек экендигин айтып атабыз. Эми беш кол тең эмес дегендей, мисалы бир эле ийнени эки жолу колдонгон, кан куйган системаны эки-үч жолу колдонгон медициналык кызматкерлер кездешип калышы мүмкүн.

“Азаттык”: - Сот жараяны үч айдан бери жабык өтүүдө. Ошондуктан бизге көп нерсе белгисиз бойдон калууда. Соттун жүрүшүндө коюлган айыптарды Сиз жана кесиптештериңиз мойнуңарга алдыңарбы?

Т. Мамаев: - Сот жабык. Ошондуктан мен бул боюнча комментарий бере албайм.

“Азаттык”: - Айрым жабырлануучулар дарыгерлердин шалаакылыгынан сакайгыс дарт балдардан энелерге да жукту дегенге кошуласызбы?

Т. Мамаев: - Дүйнөлүк практикада баладан энеге жукпайт. Мен адис катары билем, энеден балага гана жугат. Илдетти жуктуруунун үч гана жолу бар: жыныстык жол менен, ийне менен кан аркылуу жана энеден балага. Баладан энеге жуккан факт жок. Эгерде биз балдардан энеге жукту деп айтсак, анда Кыргызстан СПИДдин дагы бир жугуу жолун тааптыр дегендей болушу мүмкүн.

“Азаттык”: - Жабыркагандардын жактоочулары айыккыс ооруга чалдыккандарды материалдык жактан компенсациялоо маселесин да көтөрүп жатыптыр. Ал каражатты ким төлөшү мүмкүн, дарыгерлерби же мамлекетпи?


Т. Мамаев: - Бул жерде ар бир жарандын өзүнүн укугу, кандай талап кылышы мүмкүн экендиги. Ким, качан төлөп берет, аны сот гана четет.

“Азаттык”: - Мына сот өкүм чыгаруу алдында турат. Сиз жана кесиптештериңиз кандай чечимди күтөөр элеңиздер?

Т. Мамаев: - Ар кимдин үмүтү бар. Бирок кандай жыйынтык чыгарат, кандай чечим кылат бул соттун гана өзүнүн чечими болот.

“Азаттык”: - Түгөлбай мырза, ачык-айрым баарлашууңузга рахмат.

XS
SM
MD
LG