Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

08:10 Бүгүн Бээжинде XXIX Олипиадалык оюндардын ачылыш салтанаты болот


Кечээ Бээжиндеги кыргыз элчилигине таандык жерге боз үй – Олимп үйү тигилип, ичи улуттук каада-салтка ылайык жасалгаланган. Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 20 спортчу катышат. Ал эми оюндун ачылыш салтанатына президент Курманбек Бакиев баш болгон делегация кечээ Бээжинге кетишкен. Маалыматтарга караганда, XXIX Олимпиадалык оюндардын ачылыш салтанатына чакырылган 100 мамлекеттин 80 жакын өлкөнүн башчылары, өкмөт жетекчилери Бээжинге келе баштаган. Айрым мамлекет башчылары пландагы эс алууда жүргөндүгүнө, өз өлкөсүндөгү кырдаалга байланыштуу келе албай калышса, айрымдары Кытайдагы саясий абалга карата Бээжинге келүүдөн баш тарткан. Алардын саны жыйырмага чукул. Булардын ичинде БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун, Канаданын премьер-министри Стивен Харпер, Польшанын премьер-министри бар. Литванын президенти Валдас Адамкус, Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Улуу Британиянын премьер-министри Гордон Браундун дагы Кытайга барбастыгы кабарланууда. 8-августтан 24-августка чейин өтүүчү XXIX Олимпиадалык оюндарга 205 командадан 11 миңден ашуун спортчу катышуусу күтүлүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG