Бишкек шаар мэриясынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, 11-августта мэр Н.Түлеев “Хаят” мейманканасынын жетекчилиги менен ижара боюнча келишимди кайра карап чыгуу маселесин сүйлөшөт. Мейманкана жайгашкан жер аларга убактылуу ижарага берилген. Жаңы жер кодексине ылайык аталган жер участкасы үчүн мейманкана жылына 680 миң доллар төлөшү керек. Буга чейин “Хаят” эски Жер кодекси боюнча жылына болгону 2600 доллар төлөп, жаңы кодекс боюнча иштөөдөн баш тартып келген. Бул маселени чечүү максатында учурда эки тараптын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын мэриянын укуктук башкармалыгынын жетекчиси Элдар Mамыров “Азаттыкка” билдирди.(MSu)
12:03 Шаар жетекчилиги “Хаят” мейманканасына жерди ижарага берүү келишимин кайра карап чыгат