Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче бүгүн мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу өкмөт, Бишкек шаар жана Маданият жана маалымат министрлигинин өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Анда Ала-Тоо аянтын 31-августка карата даярдап жасалгалоо иштери тапшырылды. Д. Нур уулу майрамды белгилөө былтыркыдан айырмаланып быйыл расмий уюштурулуп, анда президент өлкө элине куттуктоо сөз сүйлөөрүн билдирди. (EBM)