Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

КАРА ЖАНДЫ БАГАЛБАГАН КАЛК БОЛДУКПУ?


“Өзүбүздү өзүбүз дан ж.б. азык-түлүктөрү менен камсыз кылып эле тим болбостон сыртка сатууга да мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Жер да, суу да жетиштүү. Сары Өзөн Чүй өрөөнү кант кызылчасын айдоого ыңгайлуулугу боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Бирок буга карабастан буудайдын жана ун азыктарынын-37,2, канттын-59, өсүмдүк майынын-85, мөмө-жемиштин-37,3 пайызын сырттан сатып алып жатабыз” деп жазып чыкты Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтунун башкы деректири, академик Жамин Акималиев “Эмне деген элбиз? Качан ойгонобуз? Качан торолобуз?” аттуу “Кыргыз туусу” гезитине жарык көргөн макаласында.

Гезитке ошондой эле 19-кылымдагы көркөм сөздүн улуу титандары Токтогул ырчы, Сагымбай манасчы менен мезгилдеш төрөлгөн Молдо Кылыч жөнүндө жазган Т. Саманчин түрмөгө түшүп, Ж. Шүкүров куугунтукка алынганын окумуштуу Омор Сооронов сөз кылса, дагы бир залкар талант Калык Акиев тууралуу окумуштуу Муңдук Мамыров уландысы бар макаласында баяндаган. Ушул эле санда Кокон хандыгы кезинде аялдардын арасынан датка даражасын биринчи болуп алган кыргыз кызы Сыйнат (Зыйнат) датка тууралуу да макала бар.

“Алиби” гезити Өзбекстан Кыргызстандын Фергана өрөөнүнө берилип келген электр энергиясынан баш тартканын, көрсө өзбектер 60 эле млн. долларга жаңы жулуулук электр станциясын кура коюп, өз энергиясына ээ болгонун, муну уккан кыргыз бийлиги эми энергиябызды кимге сатабыз деп баш оорута баштаганын сүйүнчүлөдү.

Ушул эле гезит “Коомдук парламенттен элдик парламентке салам!” рубрикасынын алдында адвокат Автандил Сакыбаевдин депутат Чолпон Баекованын “Агым +” гезитиндеги интервьюсуна каршы каяшасын жарыялады. Баекова “Аскар Акаев менен катар менин талапкерлигим да тунгуч президенттикке көрсөтүлгөн, президент болуп калууга толук мүмкүнчүлүгүм бар болучу” дейт. Менин оюмча Кыргызстанды кудай чоң сактап, Баекова президент болбой калыптыр. Менин жеке божомолумда бүгүнкү президент тезек тердирип жатса, Баекова айым Сузакка пахта айдатып, чигит эктирмек. Илгери Акаев президент кезинде “Мен Кеминдин кызы болом” деп айтканынын уккан элем. “Агымдагы” маегинде болсо Баекова айым өзү түштүктө, Куршабда төрөлгөнүн баса белгилептир. Деги эл үчүн белгилүү болсун, Өзгөндүн кызы болосузбу же Кеминдин кызысызбы? Тактап коюңузчу?” деп суроо салган.
Гезит ошондой эле кошумча эмгек акыларын алалбай келаткан Кыргызстандын айрым мектептеринин тизмесин да жарыя кылды.

“Агым +” гезити ЖК депутаты Бакыт Төрөбеков алып сатарлар бир мүшөк ундун баасын 1300-1400 сомго көтөрүп салганына ачууланып, жакында ундун наркын 900 сомго түшүрөм деген катуу убада менен Казакстанга аттанганын, Кыргызстандын Коргоо министрлиги аскердик кызмт өтөгөн жоокерлердин жакшы жашоосун көрсөтүп, жаш уландарды Ата Мекенин коргоого чакырганы менен алардын өзү коргоого муктаж болуп жаткандыгын, аскер бөлүктөрүндөгү былыктарды ата-энелердин баары эле биле бербестигин белгилеп, редакцияга аскерде 2 ай кызмат өтөп каза болгон Алмаз аттуу баланын агасы Таштанбек кайрылганын жана инисинин ур-тепкиден улам ажал тапканын айтып бергенин баяндап чыкты. Гезит булардан тышкары “Кыргыз авиациясынын мүрзөсүн ким казган?” деген макала жарыялады. Анда авицияны талкалаган кимдер болгону тууралу кеп болот.

“Репортер Бишкек” гезити ушул жылдын 1-августунда Күн тутулганын, ошону менен бирге эле бул күн президент Бакиевдин да туулган күнү болгондугун, анын Күн тутулган кубулушка туш келишин айрымдар президент 2008-2009-жылдардын кыйынчылыгын оңой жеңип өтөт деп жоромолдоп жибергенге үлгүрүшкөнүн кабарлап, Күндүн тутулушуна байланыштуу айрым бир уламыштарга токтолгон. Кээ бирөөлөр дүйнөлүк рынок фонду жакынкы кварталдарда 10 пайызга төмөндөйт десе, кээ бирөөлөр Күндүн тутулушу жаратылыштын алдыдагы улуу ачкачылыкты катуу суук коштой тургандыгы тууралуу берилген белги экендигин айтып жатышканын, бирок жергиликтүү астрологдордун бири да бул кубулуштун Кыргызстандын тагдырына кандай таасир тийгизерин, Күндү күүгүм жутуп алгандай жылуулукту “жутуп” алды деген Курманбек Бакиевдин тагдыры кандай болдорун болжоп ооз ачышпаганын жазды.
XS
SM
MD
LG