ИИМдин билдиришинче бүгүн Чүйдөгү Панфилов районунун Кумарык айылынын эки тургуну кармалды. Алар ушул жылдын 2-июлунда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, милициянын лейтенаты Эркин Жолдошбек уулун иш маалында атып кеткен деп айыпталууда. Күнөөлөнүп жаткандар кармалганда жандарынан далил болчу ок-даарылар табылган. Бул ишти иликтеп-тергөө иштери дале уланууда. (EBM)