Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:01

И. ЧУДИНОВ: КЫШТАН КЫЙНАЛБАЙ ЧЫГУУ ҮЧҮН БААРЫН ЖАСАЙБЫЗ


Маектешкен Кубат Оторбаев, Бишкек 7-августта Кыргызстандын премьер-министри Игорь Чудинов «Азаттыкка» интервью берип, быйыл дандан, нандан кыйынчылык болбой турганын, бирок 1-ноябрдан тартып жаз келгенче электр кубатын пайдаланууга чектөө киргизилээрин, өзбек газы кымбаттай турганын билдирди. Мындан тышкары өкмөт башчысы кант иштетүүчү заводдорду кайра мамлекетке алуу жагы каралып жатканын, Кумтөр кени боюнча жаңы келишимге кол коюлушу ыктымалдыгын айтты. (Маектин 2-бөлүгү).

"Азаттык": - Кыш мезгилинде газ болобу? Өзбекстан менен газ тууралуу келишимге кол коюлдубу?

- Өзбекстан менен газ боюнча келишимге ушул жылдын төртүнчү кварталында кол коюлат. Газдын баасы кымбаттары эмитен эле белгилүү, себеби Түркмөнстан миң кубометр газдын баасын 300 долларга чейин көтөрдү. Биз болсо газды Өзбекстандан гана алабыз, алар дагы газдын баасынын дүйнөдө көтөрүлүп жатканан жыйынтык чыгарышат деп ойлойм.

"Азаттык": - Жакында мурдагы премьер-министр Феликс Кулов жетектеген дирекция Ысык-Атада кичи-ГЭСти ишке киргизди. Мамлекет бул дирекцияга кандай жардам көргөзүп жатат?

И. Чудинов: - Дирекциянын өзүнүн түзүлүшү эле кичи энергетика тармагында иштейм деген инвесторлорго колдоо болуп эсептелет. Биз чакан ГЭСтердин ишине тиешеси бар мыйзам долбоорун даярдап жатабыз. Ага ылайык чакан ГЭСтер иштеп чыккан электрди биздин бөлүштүрүүчү компаниялар сатып алууга тийиш. Маселе алар иштеп чыккан электр кубаты Токтогул ГЭСиникине караганда кымбатыраак, бирок биз аларга колдоо көрсөтүп, алардын бирдиктүү энергосистеманын электр линияларына кошулушуна шарт түзүшүбүз керек. Ошондо инвесторлорго алар салган акча канча убакта өз кайтарымын берери даана түшүнүктүү болот.

"Азаттык": - Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу кандай ыргакта жүрүп жатат?

И. Чудинов: - Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу президент бекиткен графикке ылайык, өз нугунда жүрүп жатат. Бүгүн темирге баа кымбаттаган шартта курулуш улам көбүрөөк акчаны талап кылып жатканы да табийгый иш, өкмөт мындай кырдаалда өзүнө алган милдеттерди аткарууга аракет кылат, анткени бул курулушту токтотууга такыр болбойт. Акча боюнча кыйынчылыктар болгону менен биз аны убагында бөлүп турууга аракет кылабыз.

"Азаттык": - Сиз билсеңиз керек - Феликс Кулов премьер-министр болуп турганда электр кубатын чет мамлекеттерге сатуу операцияларын иликтеген атайын комиссия түзүлгөн. Ошол комиссия электр кубатынын бир бөлүгүн кайсы бир адамдар жашыруун сатып, акчасын өз чөнтөгүнө салып келгенин аныктаган эле. Азыр андай жокпу?

И. Чудинов: - Ошондон кийин 2006-2007-жылдарда электр кубаты жалаң ачык конкурс менен чет мамлекеттерге сатылып келатат. Быйыл болсо экспорту таптакыр эле чектедик. Өткөн жылдардагы 2млрд. 200 миң кВ/саат электр кубатынын ордуна быйыл 400 миң гана кВ/саат электр кубатын чет мамлекетке сатып отурабыз. Ал дагы Бишкек ТЭЦине керектелүүчү көмүр менен газды сатып алууга акча табу максатында. Азыркы күндө ортомчулар бар деп айтууга болбойт, «Электр станциялары» акционердик коому өзү экспорт кылып жатат.

"Азаттык": - Өкмөттүн жакында өткөн жыйынында президент К.Бакиев Канаданын "Centerra inc." компаниясы менен Кумтөр кени боюнча жаңы келишимге кол коюлат деп айтты. Эгер ал келишимге кол коюла турган болсо Кыргызстан эмнени утат?

И. Чудинов: - Сүйлөшүүлөр өтө оор абалда өтүп жатат. Кыргызстандын позициясы бекем –"Centerra inc." компаниясындагы кыргыз тараптын акциясынын саны көп болушу керек, анткени Кумтөрдүн байлыгы "Centerra inc." долбоорунда эң чоң орунду ээлейт. 2003-жылы кол коюлган келишим болсо биздин мамлекеттин ички мыйзамдарын сактабай туруп кол коюлуп, күчүнө кирген. Ошол себептен ал келишим "Centerra inc." компаниясы менен Кыргызстандын кызматташуусуна негиз болуп бере албайт. Мен азыр акыркы цифраларды айткым келбейт, бирок биздин максат – мүмкүн болушунча Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшүн көбөйтүп, ага жараша салыктын өлчөмүн арттыруу болуп эсептелет. Ошол эле убакта биз Кумтөр кенине каршы эмес экенибизди белгилеп кетким келет, бирок ал долбоордогу Кыргызстандын катышуу үлүшү тарыхый калыстыгына кайрылып келээрине бекем тураарыбызды айткым келет.

"Азаттык": - 2006-жылдын аягында Кочкор районунун жашоочулары катуу жер титирөөдөн жапа чегишкен эле. Кээ бир үйлөрдүк төбөсү түшүп, айрым үйлөр дал-далынан жарака кетип катуу жарылган. Бирок ушул убакка чейин айрым кочкорлуктар мамлекеттен бөлүндү делген жардамды ала албай келатышат. Мунун себеби эмнеде?

И. Чудинов: - Туура, чынында эле ушул күнгө чейин акчасын ала албай келаткан тургундар бар. Быйылкы бюджете ал акча каралган. Ошто жер титирөөдөн жабыркагандар менен бирге эле Кочкордогу жер титирөөдөн жабыркагандарга дагы ал акча бөлүнөт. Бул маселени эсиме салып койгонуңуз жакшы болду, мен муну Каржы министрлигине тапшырам.

"Азаттык": - Парламенттин айрым депутаттары Кыргызстанга тыштан келип жаткан оң рулдуу автоунааларга чек коюу боюнча мыйзамдын долбоорун даярдашты эле. Кыргыз өкмөтүнүн бул маселе боюнча позициясы кандай?

И. Чудинов: - Ал мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш өкмөткө жөнөткөн, биз аны экспертизага Бажы комитетине жибердик. Алар бизге так жооп бериш керек, анткени ал жерде көп маселелер бар, анын ичинде Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүгүнө да байланыштуу. Ошондуктан бул мыйзам долбоорун өтө кылдат карап көрүшүбүз керек.

"Азаттык": - Акыркы суроом, Сиз премьер-министр катары быйылкы кышта Кыргызстан электр кубатысыз, газсыз калбайт деп ишендирип кете аласызбы?

И. Чудинов: - Биз кыштан кыйналбай чыгуу үчүн баарын жасайбыз. Киргизилип жаткан чектөөлөр болсо кышында ар бир үйдө жарык болсун дегенибиз, бирок ошол эле убакта үйдү жылытуу үчүн электр кубатын колдонгондорго чектөөлөрдү киргизебиз. Ансыз болбойт. 1-ноябрдан 1-апрелге чейин ошондой чектөө киргизилет үйдү жылытууга, бирок муздаткыч, телевизордун иштеп турганына, жарыктын болушуна чектөө болбойт. Мектептерде болсо кышкы каникулду узартабыз. Электр кубаты менен жылый турган 880 мектеп бар, алар көмүр менен жылытуу системасын орнотууга үлгүрбөйт. Ошондуктан шартка жараша кышкы каникулдар айрым жерлерде 45 күнгө чейин узартылышы ыктымал.

"Азаттык": - Сизге рахмат.

XS
SM
MD
LG