Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:59

КМШ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ТҮШТҮК ОСЕТИЯДАГЫ ЖАҢЖАЛГА КАЙЧЫ ПИКИРДЕ


Кубат Чекиров, Прага Мурдагы советтик жумурияттардын жетекчилери Түштүк Осетиядагы жана Грузиянын башка аймактарындагы куралдуу кагылышуулар боюнча ар кандай көз карашта жана турумда болуп жатышат. Бир тарабы Грузиянын өзүнө караштуу аймагындагы окуяларга Орусиянын кийлигишкенин туура эмес көрүп жатышса, экинчи тараптагылар Грузиянын өкмөтүн кырдаалды кан төгүүгө чейин жеткиргендиги үчүн айыпташууда. Бейтарап турумдагылары касташкан тараптарды сүйлөшүүлөргө барууга үндөп жатышат.

Түштүк Осетиядагы кандуу окуялар башталган 8-августка караган түндүн эртеси эле Бээжинде олимпиаданын ачылыш салтанатына барган мамлекет башчыларынын ичинен Орусиянын премьер-министри Путин менен казак президенти Нурсултан Назарбаев күнөөнү дароо эле Грузияга коюшту.

Путин Грузияга карата «катылган катыгын алат» маанисинде билдирүү жасаса, Назарбаев кырдаалды согушка чейин өсүп кетишине жол бергени үчүн Тбилисини сынга алган:

- Менин оюмча Грузиянын лидерлери кырдаал курчуп атканын алдын ала айтып сүйлөшүп койбой бул жерде туура эмес кылышты деп ойлойм. Менимче, бул проблеманы тынчтык жол менен чечүүдөн башка алгылыктуу жол жок.

Грузиянын жакын коңшусу Армениянын тышкы иштер министри Гегам Гарибжанян Грузияга да, Орусияга да тартпай, талаш-тартыштарды тынчтык жол менен чечүүгө үндөдү:

- Армения чыр-чатак болуп аткан аймакта турат, ошондуктан бул бизди дагы абдан сарсанаа кылган окуя. Биз чынында эле мунун аргасы бат эле табылат деп үмүт кылабыз, кандай проблема болсо дагы ал тынчтык жол менен гана чечилиши керек.

Беларустун Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Ваншина кан төгүлуп, курмандыктар көбөйүп жатканына кабыргасы кайышып сүйлөгөн, бирок орус бийлиги жан тартып жаткан жикчилдердин же Грузиянын да таламын талашкан эмес.

Грузияга жан тартып колдоо көрсөтүп жаткан өлкөлөр Украина менен Азербайжан болуп саналат.
Азербайжандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хазар Ибрагимов Грузия өзүнүн аймактык бүтүндүгүн калыбына келтиргенге жана коргогонго укугу бар экенин тааныш керек дейт:

- Азербайжан Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдойт, Түштүк Осетиядагы чыр-чатак ушул жобонун чегинде гана чечилиш керек. Ошол эле учурда Грузия өзүнүн аймактык бүтүндүгүн эл аралык укуктун нормаларына, БУУнун Хартиясына таянып, калыбына келтиргенге акысы бар. Ошондуктан, Грузия көрүп жаткан чаралар эл аралык укуктун чегинде жүзөгө ашырылып жатат.

Молдовадагы батышчыл Улуттук Либералдык партиянын лидери Виталий Павличенко “Азаттыктын» Молдова кызматына берген маегинде анын өлкөсү грузин президенти Михаил Саакашвилини колдошу керек деп айткан. Анын жүйөөсүндө Молдова мурдагы советтик жумурияттар - Украина, Азербайжан, Грузия менен бирге бир орток уюмдун - ГУАМдын мүчөсү.

Молдованын вице-президенти Юрий Рошка дагы Орусиянын кадамдары Грузиянын НАТОго кирүү аракетине каршы көрүп жаткан чараларга окшойт деп эсептейт:

-Бул аракеттер бир нече жылдан кийин Грузиянын Түндүк Атлантика аскердик блогуна кирүү боюнча стратегиялык пландарын ойрон кылуу максатын көздөйт.

Украинанын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Хандогий болсо 8-августта Орусиянын Украинадагы элчиси милдетин аркалап жаткан орус дипломаты менен Киевде жолуккан учурунда анын өлкөсү Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын ачык билдирип, ошол эле маалда Орусияны Түштүк Осетиядагы чыр-чатакка кийлигишип, ого бетер жаңжалды тереңдетүүдөн оолак турууга үндөп, Грузия менен бардык маселени тынчтык жол менен чечүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG