Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

БЭЭЖИН ОЛИМПИАДАСЫНЫН КҮНДӨЛҮГҮНӨН


Баяндаган Кабыл Макеш, Пекин

Бүгүн (10-август) Бээжиндеги Илим-техникалык окуу жайынын спорт борборунда дюздо күрөшү боюнча таймашуу жүрүп жатат. Бул күнү кыз-келиндер 52 кг.салмакта күч сынашып жатышса, эр азаматтар 60 кг. салмакта мөөрөй талашып, азыр финалдык таймашуулар болгону турат. Бул жерге келгенибиздин себеби - Кыргызстандык эки дюзодочу Елена Проскуракова менен Талант Жанагуловдун атаандаштары кимдер экени жана качан күрөшөөрү аныкталмак. 78 кг. салмактагы кыздардын арасындагы дзюздо күрөшү 14-августта болмокчу.



Ушул салмакта Кыргызстандын намысын талашууга Бээжинге жолдомо алып келген Караколдук Елена Проскуракова чучукулак кармоо менен өз атаандашы -Дүйнө чемпиону кытайлык Юн Катус экенин аныктады. Эгер биринчи беттешүүдө кытайлык балбанды Елена утуп алса, анда монголиялык спортчуга каршы чыгат. Спорт адистеринин айтымында, Елена үчүн бул олимпиадалык таймашуулар кыйынга турчудай.



Ал эми Бээжин олимпиадасынын ачылыш аземинде Кыргызстандын туусун көтөрүп, өлкөнүн курама командасын баштаган дзюдо күрөшүнүн чебери Талант Жанагулов 100 кг. салмактан жогорку балбандар менен күрөшмөкчү. Ал 15-августта кытайлык Сан деген балбан менен таймашат, тилекке каршы чучукулак кармоодо Талантка дзюдо күрөшүнүн “арыстандарынын” бири кабылды.

Олимп оюндарынын 2-күнүндө кыргызстандык спортчулардан кимдер мелдешке катышкандыгы тууралуу Олимпиадалык топтун мүчөсү Касымкул Оболбеков буларды кошумчалады:

- Бүгүн биздин фехтование боюнча Сергей Качурин деген спортчубуз Франциялык Жаннет деген спортчуга утулуп калды. Андан тышкары сууда сүзүү боюнча Василий Данилов деген балабыз дагы төрт мүнөт 29 секундада сүзүп келип, жакшы ийгиликтерге жетише албай калды. Эми 12-13-августта биздин атактуу балбандарыбыз Руслан Түмөнбаев менен Канат Бегалиев мелдештерин башташат. Ошондо ийгиликтерди жаратат го деген үмүт менен турабыз.

11-августта мушкер Асылбек Таласбаев рингге чыгат.

XS
SM
MD
LG