Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

11:10 Мирослав Ниязов: Башкаруу системасын жөндөмөйүнчө биз алыска кете албайбыз


Белгилүү саясатчы өлкөнүн социалдык-экономикалык кризиске келип такалуусуна мына ушул маселе башкы себеп болуп жатат, деген пикирин “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда билдирди. Анын айтуусунда бир колго чогулган башкаруу системасы дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн биринде да жок, ошондуктан бийлик системасын реформаламайын эл кыйнала берет. Мирослав Ниязов эл буга чыдай албайт, бийликтин кандай жол менен Башмыйзамды өзгөртүп, эки тизгин бир чылбырды колуна алып алганын жакшы билет, мына ушулардын баары кырдаалдын чыңдалышына алып келери –турган иш, деп эсептейт. Анын оюнда 2005-жылкы март окуясынын дагы бир жолу кайталанышы –мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч алып келүүсү ыктымал.(ZKo)

XS
SM
MD
LG