Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

М.НИЯЗОВ: ЭЛДИН ТОЛКУНДООСУНА ШАРТТАРДЫ БИЙЛИК ӨЗҮ ТҮЗДҮ


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Расмий бийлик Кыргызстандагы саясий-экономикалык абал туруктуу деген баа берип жатса, ошол эле учурда күзгө карата өлкөдөгү абал курчуп, элдик толкундоолор башталат деген көз караштагылар дагы бар. Өлкөдөгү жалпы саясый кырдаал тууралуу “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылынын координациялык кеңешинин мүчөсү, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов “Азаттыктын” таңкы маегинде учкай кеп курду.

“Азаттык”: Мирослав мырза, учурда республикада социалдык-экономикалык абал оор деп айтылып жатпайбы. Мына ушундай кырдаалдын пайда болушуна эмне себептер өбөлгө түздү деп ойлойсуз?

М.Ниязов: Албетте, эртели кеч биз бүгункү абалга келмек элек. Анткени башкаруу системасы, мамлекттик түзүлүш оркоюп эле кемчиликтерин көрсөтүп калды. Ушундай башкаруу системасы менен биз алыска кетпейбиз. Бийликтин бардыгы бир адамдын колуна тийип, жер –жерлердеги адамдар ошол бийликти эле карап калды. Же бир бийлик оңураак чараларды көрбөйт. Бийлик тиешелүү аракеттерди жасабаганынан улам эл ушинтип энергетикалык кризиске келип кептелди. Экинчиден, азык-түлүк, эпизоотикалык кризис келип чыкты. Мына түштүктө мал оорусу күчөдү, эл да ооруп жатат. Мен биздин кризисибиз ушул мамлекеттин башкарууда деп ойлойм. Маселе башкаруу системасынын терең тамырында отурат. Биз терең реформаларга барбасак, анда Кыргызстандын келечеги көрүнбөй деле калды.

“Азаттык”: Мамлекеттин башкаруу системасында реформа жүрмөйүнчө элдин турмушу оңолбойт деп айтып жатасыз. Кандай реформа жүрүшү керек? Кандай сунуштарды берээр элеңиз?

М.Ниязов: Демократия менен базар экеномикасын биз ойлоп чыгарган жокпуз. Дүйнө жүзүндө болуп жаткан процесстерге жаңыдан кирип жатабыз. Биздикиндей башкаруу системасы дүйнө жүзүндө бир да мамлекетте өнүп, өсүп кеткен жок. Мындай система бир да өнүккөн мамлекетте жок. Өнүккөн мамлекеттерде президентин укуктары чектелген. Аткаруу бийлик - жергиликтүү органдарга берилген. Эл демилге көтөрүп, өзү бүгүнкү турмушту, келечегин ойлоп, чечпесе анда биздин алдыга жылышыбыз оор болуп калат.

“Азаттык”: Саясий абал мындан ары дагы курчуйт деген божомол пикирлер айтылып жатат. Күзгө карай карапыйым эл наарызылык чараларын уюштурат, жөө жүрүшкө чыгат деген сөздөр канчалык жүйөлүү?

М.Ниязов: Бийликке нааразычылыкты билдирүү жана элдин ага ишеним көсөтпөстүгүнө толугу менен шарттар бар. Эл толкундап кеткенге шарттарды бийлик өзү түзүп берип жатат. Референдум учурунда мыйзамды бузуп, ыплас жол менен бийлик өзүнө керектүү жыйынтык чыгарып, адамдардын укугун тебелеген. Бул адмдардын эсинде кала бермекчи. Энергетикалык кризиске кабылдык. Бул сөзсүз экономикага таасирин тийгизет. Өндүргөн продукцияга баалар көтөрүлөт жана экология бузулат. Мындан тышкары да болуп жаткан кемчиликтер сөзсүз түрдө кошумча нааразылыкты козгойт.

“Азаттык”: Президент К. Бакиев өкмөт жыйынында өлкөнү күз-кыш айларында катуу сыноо күтүп тургандыгын айтып, өкмөттү тезинен чара көрүүгө чакырбадыбы? Бийликтин мамлекетти ушундай оор абалдан чыгарууга кудурети жетээр-жетпесине кандай пикирдесиз? Ушундай кырдаалдан чыгуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүсү зарыл?

М.Ниязов: Бул бийлик көп нааразылыкты туудурду. 2005-жылы мартта болгон окуя элибизге өтө коркунучтуу үлгү көрсөттү. Радикалдык адамдар ойлосо керек, бийлик алмшаса эле жашообуз оңолот деп. Биз дагы эле ошол жолго түшсөк, Кыргызстан деген мамлекетке жарака кетиши мүмкүн. Мамлекетибизди оор ахыбалга алып келиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG