Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

12:30 Жол кырсыгынан эки күндүн ичинде алты киши каза болду


ИИМ басма сөз кызматы тараткан маалыматтар боюнча 9-август күнү Жайыл районунда Мерседес-Бенц автомашинасы аңтарылып, эки жүргүнчүсү каза тапкан. Айдоочусу оор акыбалда ооруканага жеткирилген. 10-август күнү Токмок шаарынын тургуну 25 жаштагы А. Абдылдаев автомашинасы менен бакты сүзүп, натыйжада өзү ошол замат жан берген. Анын жанындагы адамдар ооруканага жеткирилген. Ушул эле күнү Ысык-Көл районунда 35 жаштагы М. Ирсалиева айдап бараткан Лексус автомашинасы Мицубиси машинасы менен кагышып, натыйжада Мицубисидеги үч киши каза тапкан.
Айрым байкоочулардын баамында автокырсыктын көбөйүшүнө жол эрежесин жана автомашина айдоону жакшы билбеген айдоочулар себеп болууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG