Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

13:35 Т. Үмөталиева: АКШ жарандарына, аскер кызматкерлерине Кыргызстандын мыйзамдарын тебелөө кадимки көрүнүш болуп калды


Мындай пикирин укук коргоочу бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Ал 5-август күнү ИИМ тарабынан АКШ жарандарына ижарага берилген үйдөн курал-жарак табылды деген билдирүүгө жооп кылган америкалык элчиликтин жообуна таң калганын жашырбады. “Эмне үчүн бул курал-жарактар тиешелүү базаларда эмес, катардагы бир үйдө кармалууга тийиш эле?” деп белгилеген укук коргоочу мындан шаар тургундарынын коопсуздугуна коркунуч келтирди, деп бекемдеди.
“Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар” ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева бул окуяга байланыштуу АКШ бийлигине жана жарандарына кат жиберилгенин да маалымдады. Ал америкалык жарандык коом бул окуяга өз мамилесин билдирет, деп ишенет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG