Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:55

15:40 “Алиби” гезитине колдоо көрсөтүү боюнча марафондор уланууда


Гезиттин баш редактору Бабырбек Жээнбековдун “Азаттыкка” кабарлашынча бүгүн түнү гезиттин жаңы саны чыгат жана анда президентке Конституциянын кепили катары “Алибиге” байланыштуу ишти өз көзөмөлүнө алуу тууралуу кайрылуу жасалат. Жогорку соттон бул иштин акыйкат териштирилишин өтүнүшөт. Коомчулукка, укук коргоочуларга жана окурмандарына моралдык жана материалдык көмөктөшүүнү суранышмакчы. 7-августта Биринчи май райондук соттун сот аткаруучулары гезитке таандык мүлктү камакка алган. Сот он күндүн ичинде президенттин бир тууганынын баласы Асылбек Салиевдин эсебине бир миллион сом которуп коюу тууралуу токтом чыгарган. Асылбек Салиев "Алиби" гезитин адам өмүрүн алган жол кырсыгына өзүнүн тийешеси бардыгы тууралуу жоромол камтылган макаланы жарыялагандыгы үчүн өз керт башынын кадыр-баркын коргоп сотко берген. Укук коргоочулар бул сот жараянды өлкөдөгү сөз эркиндигин кысмакка алуу катары сыпаттап жатышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG