Мындай маалымат аталган кыштактын тургундарынан алынды. Алардын айтымында, электр подстанция күйүп, таптакыр керектен чыккан. Жашоочулар шаардык электр тармактары ишканасына кайрылышкан. Тилекке каршы, эмдигиче жетекчилердин бирөө да басып келип, кабар алганга жараган жок. Ош шаарынын вице-мэри Мухидин Мамасадыков мындай кабарды эми угуп жаткандыгын билдирген соң, бир аздан кийин «Азаттыкка» кайра чалып, Керме-Тоо жарыксыз олтургандыгын ырастады. (ATo)