Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:15

ЭМИ “АЛИБИ” ГЕЗИТИ ЖАБЫЛАБЫ?


“Кыргыз туусу” гезити “Элдин тынч жашоосуна жетиштик”, “Өлкөбүз өнүгүү жолунда”, “Мусулмандар ыраазы”, “Мамлекет мугалимдерге өзгөчө кам көрүүдө”, “Кыйынчылык артта калып, келечегибиз аныкталды” деген аталыштагы макалалар менен жарык көрдү.

Ушул эле гезит тегерек үстөл уюштуруп, анда Улуу Үркүндүн тарыхында али дагы ак тактар бар экендигине, Орусиянын ошол кездердеги убактылуу өкмөт башчысы А. Ф. Керенскийдин жетекчилигинде комиссия түзүлүп, кыргыздар кыргын болгон окуяны иликтетип чыккандан кийин Мамдумада сөз сүйлөп “Орто Азиядагы элдер дүйнөлүк согушта бизге материалдык жактан чоң жардам көрсөткөнүнө карабастан аларга карата биз жырткычтык менен мамиле жасадык, алар күнөөлүү эмес, биз орустар күнөөлүүбүз” дегенине окурмандардын көңүлүн бурган.

“Осмоновго орден эмес, окурман керек” деген макаласында белгилүү журналист Памирбек Казыбаев кайдыгерликтин айынан кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновдун 75 жылдык мааракесинде белгиленген иш-чаралар ишке ашпай келаткандыгын, котормолорунун томдору, “Жолборс терисин кийген баатыры” китеби чыгалегин, көлгө эстелигин тургузуу, Чолпон Атага үй музейин куруу, Бишкектеги үйүнүн жанына заманга ылайык музей имаратын тургузуу сөз бойдон калганын, былтыркы шайлоо маалында ураанчыл “Туран” партиясы Алыкулга орден берүү токтомун чыгарганын, бирок тигил дүйнөдөгү акынга бул дүйнөдөгү орден эмес, окурман, сый, урмат керектигин кейиш менен кеп кылган.

Мындан тышкары жазуучу Токтобай Мүлкүбатовдун айтылуу калемгер Ш. Абдырамановдун “Тарыхтагы ак тактар” аттуу китеби жаңыча ой жүгүртүүгө чакырарын, Шабданбай ага тарыхтагы жана адабияттагы кээ бир окуялардын бурмаланган фактыларын архивдик материалдарга таянып, орду-ордуна койгонун, мисалы атактуу акын Токтогул Сибирь сүргүнүнөн келгенден кийин кайра кармап кетпесин деп коркуп Кашкарда жашап калганын, Алымкан деген айымды ошол кашкардан таап сүйүп, ага арнап белгилүү ырын ырдап жүрүп үйлөнгөнүн баяндап берген.

“Комсомольская правда Кыргызстан” гезитинин Кыргызстанга арналып чыгуучу эки бетинин бир бетинде кары-картаңдарга берилип келаткан жеңилдиктерди алып салуу өзүн-өзү актабагандыгын, ошондуктан муниципалдык автобустарда пенсионерлердин бекер жүрүшүн камсыз кылуу керектигин, бул тууралуу президент К. Бакиев өткөндө айтканын, эми Кытайдан келе турган жаңы 200 автобустун алгачкы 50 автобусу ушул айдын аягына чейин Бишкекке келе тургандыгын кабарлап, маршруттук таксилердеги 8 сомду пенсионерлер үчүн 5 сомго түшүрүп койсо бул да жакшы болор эле деген оюн билдирген.

“Алиби” гезити өткөн жуманын бейшембисинде Бишкектин 1-Май райондук соту тарабынан гезиттин мүлкү камакка алынып, ар-намысына доо кеткен Салиев Асылбек Жаныбековичке 1 млн. сом төлөп берүүгө 10 күндүк мөөнөт берилгенин, эми гезит чындап жабылуу коркунучуна кептелгенин маалымдап, аны колдоп алчу азаматтар барбы деп чакырык таштады.

Гезит мурдагы шаар башчысы Данияр Үсөнов баштаган “Бактылуу лотерая” программасын жаңы мэр Нариман Түлеев токтотту деп, тилекке каршы бул лотереядан ушул убакка дейре уткан жан чыга электигин, демек жоктон бар кылып көнгөн Данияр элди алдап, өз капчыгын толтургусу келсе керектигин жазды. “Азаттыктын” окурмандарынын эсине сала кетели ушул лотереяларды ишке киргизүү үчүн Бишкек мэриясы тарабынан 50 млн. сом бөлүнгөн.

Гезит ошону менен бирге эле Д.Үсөновдун жубайы, “акжолчу” депутат Динара Исаеванын байлыгын санап чыкты. Депутат айымдын декларациясына таянуу менен маалымат тараткан гезит анын жылдык маянасы-119 миң 20 сом, жылдык кирешеси-39 млн. 755 миң сом, жашаган квартиралары- 7 млн. сом, башка квартиралары-2 млн. 726 миң сом, баалуу кагаздары-106 млн. сом экендигин санап келип, бул айымдын бир эле самолету 300 млн. доллардан кем эместигин, ал “ИТЭК ЭЙР” деген авиакомпанияга да кожойкелик кыларын кошумчалады.

Мындан тышкары “Калптын казаны кайнабайт” аттуу рубриканын алдында “Акуловалар кимди каматууга аракет кылган?” деген макаланы, “Батыровдун балээсине калып, бактысыз күнгө туш болдук”, “Өкмөттүн “түшүм мол болду” дегени карандай калп” деген интервьюларды окууга болот.

Гезит дагы бир бетин жалаң ИИМ кызматкерлерине байланыштуу окуяларга арнады. Анда милийсалар милийсаларды камап кыйнаганы, “Жайыл районунда оперди өлтүргөндөр кармалаганы” жана ИИМ министринин 1-орунбасары М. Турганбаевдин айланасындагы ызы-чуу жөнүндө баяндалган.
XS
SM
MD
LG