Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

12:50 К.Касымов: “Кыргыз дыйкандарынын күрөөгө коюп, техника алууга мүлкү жок”


Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин статс-катчысы Камбаралы Касымовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, өкмөт акыркы жылдары дыйкандардын үрөн алып, техникага ээ болуусу үчүн миллиондогон сомдук жардамдарды көрсөтүп жатат. Бирок, мындай жардамга дыйкандардын бардыгы текши ээ болгон жери жок. Ага дыйкандардын күрөөгө койчу мүлкү, жадегенде жашап турган үйүнүн мамлекеттик каттоодон өткөн документи жоктугу башкы себеп.Ал эми Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы “Кенч” дыйкан чарбасынын төрагасы Акыбай Сооронбаев мындай түшүндүрмөгө макул эмес. Анын айтымында, кредит менен техника жер-жерлерде жергиликтүү бийликте тургандардын өң-тааныштарына берилип жатат жана Айыл, суу чарба министрлиги тармакта кандай саясат менен кандай аракеттерди жасап жаткандыгы жалпы айкын эмес.(BD)

XS
SM
MD
LG