Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсү боюнча, быйыл курулуштагы дүң продукциянын өсүшү 15 пайыздан кем болбой, 26 миллиард 307 миллион сомду түзүшү керек. Бирок, өткөн жети айдагы өсүш 0,3 пайызды гана түзүп, 9 миллиард 300 миң сом болду. Ал эми жети айдын ичинде негизги капиталга түшкөн инвестициянын көлөмү 8,4 процентке кыскарды. (BD)