Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

РУСЛАН, АЗАМАТ!


Баяндаган Кабыл Макеш, Бээжин 12-август кыргызстандык спорт күйөрмандар үчүн абдан кубанычтуу күн болду. Кыргызстанга биринчи ири байге - коло медалды грек-рим күрөшү боюнча Азиянын чемпиону, 22 жаштагы балбан Руслан Түмөнбаев тартуулады.

12-августта Бээжинде түштөн кийин грек-рим күрөшү боюнча 55 кг. салмактагы балбандардын күч сынашуусу башталды. Андан кийин Бээжин убактысы боюнча 18де 60 кг. салмактагы жеңүүчүлөрдүн мөөрөй талашуулары болду. Коло медаль үчүн кыргызстандык балбан, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев менен Афина олимпиадасынын күмүш медаль ээси, пан-Америка чемпиону, 30 жаштагы кубалык Роберто Монзон (Roberto Monzon) күч сынашты. Оюндун биринчи мезгилинде 6:0 эсебинде Руслан утуп, экинчи бөлүктө дагы 3:0 эсеби менен жеңип, Бээжин олимпиадасынын коло медалына ээ болду.

Кыргызстандын Грек-рим күрөш федерациясынын президенти, Олимпиадалык топтун мүчөсү Бейшен Абилдаевге микрофон сундум:

-Бейшен мырза, жеңишибиз кут болсун! Бул мелдеш кандай деңгээлде өттү?

- Мен Кыргызстандын элин, спортчуларды, биздин президентибизди эгемендик мамлекетибиздин Бээжиндеги биринчи медалы менен куттуктагым келип жатат. Руслан канча жылдан бери даярданып жүрүп, өзүнүн эмгеги менен бүгүн ушул ийгиликке жетти. Бул жерде күйөрмандардын баары колдоп, бизге чоң майрам кылып берди. Мен алдыда Руслан Кыргызстанды мындан дагы көп кубандырат деп ойлойм.

- Рахмат.

Экинчи коло байгени казакстандык балбан Нурбакыт Теңизбаев кытайлык атаандашын жеңип, алды. Ал эми Олимпиадалык баш байге үчүн Руслан Түмөнбаевди жарым финалдык беттешүүдө жеңген орусиялык Ислам-Бек Албиев менен азербайжандык Виталий Рахимов мөөрөй талашты. Бул беттешүүдө 6:0 эсебинде Ислам-Бек Албиев утуп, Орусияга экинчи алтын медалды утуп берди.
XS
SM
MD
LG