Бүгүнкү күнгө белгиленген НАТО менен Орусиянын Брюсселдеги жолугушуусу башка убакытка жылдырылды. Бул тууралуу НАТОнун басма сөз өкүлү Кармен Ромеро билдирди. Анын айтымында, Грузия менен Түштүк Осетия ортосундагы жаңжалга байланыштуу НАТО Орусия менен мындан аркы кадамдары тууралуу кеңешүүгө тийиш. Анын аралыгында Грузиянын тышкы иштер министри Екатерина Ткешелашвили НАТОнун туруктуу өкүлдөрү менен Брюсселдеги сүйлөшүүлөргө барбай калды. Анын ордуна Грузиянын Евробиримдик жана Белгиядагы өкүлү Саломе Самадашвили бүгүн НАТОнун туруктуу өкүлдөрүнө кайрылмакчы.