Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

К. РАЙЫМКУЛ УУЛУ: МАИни ТҮП-ТАМЫРЫНАН БЕРИ ӨЗГӨРТҮҮ КЕРЕК


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Кечээтен (12-август) тартып Кыргызстанда жалпы республика боюнча жолдо жүрүү тартиби күчөтүлдү. Жол коопсуздугун бузгандарга карата жаңы чектөөлөр киргизилди. Бул өңүттө «Ак Жол-5» жол коопсуздугу боюнча коомдук бирикмесинин төрагасы, Бишкек шаардык МАИнин мурунку жетекчиси Касымбек Райымкул уулу менен маектешмекчибиз.

“Азаттык”: - Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин кечээ күчүнө кирген жаңы жоболоруна ылайык жол эрежесин бузган автоунаа айдоочуларга кечээтен тарта жазанын өлчөмү көбөйгөнү маалымдалууда. Мындай чара жол коопсуздугун канчалык камсыз кыла алат деп ойлойсуз?

К. Райымкул уулу: - Аны айтыш кыйын, анткени жол коопсузугун сактоо, жол кырсыгы менен күрөшүүнүн чаралары өтө эле көп. Ошолордун негиздүүсү - МАИнин реформалоо болуп эсептелет. Мына бүгүн жол эреэесин бузгандарга айып акылары көбөйдү. Биринчиден, тилекке каршы айдоочулардын көпчүлүгү муну билбейт. Экинчиден, элдин ой жүгүртүүсү, патриоттуулугу эч кандай өзгөргөн жок. Мамлекеттик автоинспекция кызматкерлери болсо айла жок талап кылат. Үчүнчүдөн, айдоочулар мынчалык көп айып акыны төлөй да албайт. Анткени алардын айлык акысы дагы баягы эле бойдон калып атат. Ошол себептен анчалык көп натыйжа берет дегенден алысмын.

“Азаттык”: - Бирок мына сиз айтып жатасыз, көп эле жарандар бул тууралуу маалыматы жок, анан көбүнесе мындай айып пулду төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок деп. Балким мындай чара айдоочулардын жол эрежесин бузбоосуна түрткү болот?

К. Райымкул уулу: - Туура, киши айып акы төлөөрүн билип, алдын ала ойлонот. Тилекке каршы, МАИ кызматкерлери мурдагы эле айлык акы менен жашап жатат азыр, мурдагы иштөө тартиби, бардыгына мурдагыдай эле көз карашта. Ошол себептен, эң негизгиси МАИ кызматкерлеринин ишин жакшыртып, алардын айлыгын көбөйтүп, материалдык-техникалык жактан камсыз кылып туруп анан ошондой иш чарага өтүш керек эле. Эми болоор иш болуп, иш жүрүп жатат. Бирок бул жерде МАИ кызматкерлери менен эле карапайым эл кыйналат. Баягы эле токтобой жүргөн машинелер ошол бойдон эле токтобой кете берет.

“Азаттык”: - Касымбек мырза, акыркы убакта жол кырсыктары көбөйүп кеткени айтылып атпайбы. Эми мындай чара ушул жагдайдан улам киргизилдиби, же айып пулду көтөрүү маселеси буга чейин да көтөрүлүп келди беле?

К. Райымкул уулу: - Негизи бул жол кырсыгын азайтуу боюнча көтөрүлдү. Бул мен иштеп турган убакта деле болуп жаткан. Башка мамлекеттерде чын-чынында айып пулдун өлчөмү көп. Ошого теңөө, же ошонун алдын алуу боюнча болду. Бирок айып пулду көтөрүү жол коопсуздугун камсыз кылуунун бир гана бөлүгү. Негизги бөлүк башкада, ал системаны өзгөртүүдө болуш керек эле.

“Азаттык”: - Өзүңүзгө белгилүү болгондой, соңку убакта МАИ кызматкерлерине кол салуу учурлары катталды. Дегеле, МАИ кызматкерлеринин коопсуздугун сактоо жаатында министрлик тарабынан өзгөчө кызмат өтөө тартиби киргизилген эле. Бул эми азыр жыйынтык берип жатабы?

К. Райымкул уулу: - Чындыгында, ал жыйынтык берген жок. Өзүңүздөр деле билесиңер, алты айдын жыйынтыгы боюнча коллегия өткөрдүк. Ички иштер министри күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзө баштагандан үч-төрт күндөн кийин эле полковник Алиевди атып кетип, ал каза болду. Ошол себептен, эң негизи системаны өзгөртүш керек. Мен муну дайыма эле какшап жүрөм, коомдун да талабы ошондой. Мурда да, азыр да айтаарым - МАИ, ИИМ кызматкерлеринин иштөө тартиби мурдагыдай эле болуп жатпайбы. Аны түп тамырынан бери өзгөртүш керек.

“Азаттык”: - Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG