Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:17

8:44 Кыргыз-казак президенттери Түштүк Осетия чатагын саясий-дипломатиялык жол менен чечүүнү жакташты


Эки өлкөнүн мамлекет башчылары 13-августа түштөн кийин Ысыккөлдөгү “Чолпоната” мамлекеттик резиденциясында бейформал жолугушуп, анда эки тараптуу кызматташуу жана эл аралык маселелерди талкуулашты. Президент Курманбек Бакиев анын тапшырмасы Кыргызстан тышкы иштер министрлиги Түштүк Осетия чатагы боюнча КМШ алкагында кеңешүүлөрдү жүргүзгөнүн, бирок андай чатактарды жөнгөрүү боюнча КМШда механизмдер түзүлө электиги өкүнүчтүү экенин, мамлекет башчылар деңгээлинде андай механизмди түзүү зарылдыгын белгилеген. Нурсултан Назарбаев Грузиянын Түштүк Осетияга чагылгандай чабуулу шашылыш болгонун белгилеп,”аймактык бүтүндүк принцибин бардыгы жактаарын. Улут аралык чатактарды аскерий жол менен чечүү мүмкүн эместигин” билдирген. Эки президент Цхинвали шаарында каза болгондордун жакындарына көңүл айткан.(AiT)

XS
SM
MD
LG