Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

14-АВГУСТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1916-жылдын бу күнү көтөрүлүш чыгарган кыргыздар Токмок шаарын алуу максатында калаага тынымсыз чабуул коюп турушту. 2005-жылдын бул күнү Курманбек Бакиев расмий түрдө Кыргыз Республикасынын экинчи президенти аталды.

Көтөрүлүш чыгарган кыргыздар 1916-жылдын бу күнү Токмок шаарын алуу максатында калаага тынымсыз чабуул коюп турушту. Ыктыярдуу адамдарды кошкондо 520 адам чамалуу орустардын жазалоочу отряды 10 күн бою уланып турган кыргыздардын кысымына каршы күрөшүп турушкан. Токмок шаарын алыш үчүн Ысыката, Шамшы, Бурана, Тынай, Болот, Нурмамбет, Байсеит, Шамурсин, Кочкор, Абайылда, Жумгал, жана Курманкожо болуштуктарынын калкы катышкан. Алардан топтолгон адамдардын саны миң чамалап, алар шаарды ээлеш үчүн болгон күчүн жумшашкан.

Шамшы, Бурана, Нурмамбет, Байсеит болуштуктарынан чогулган 5 000 чамалуу кыргыз 1916-жылдын бу күнү 28 желекке бөлүнүп, Токмок жана Покровка кыштактарын айланып өтүшкөн. Кыргыздар бу күнү таңкы саат 9дан баштап, бешимге чейин шаарда бекинген аскерлерге үзгүлтүксүз чабуул коюп турушкан. Шаар жана кыштактарды коргогон орус аскерлери согушкан жеринен кетпестен турган жеринде түнөшүп, ошол жерден тамактанышкан.

Солтонун Бөлөкбай болуштугунун кыргыздары 1916-жылдын бу күнү Ивановка волостунун кыштактарын талкалап, талап-тоношкондугу туурасында орус бийлигине кабар түшкөн. Ивановка кыштагынан 7 адам өлтүрүлүп, дыйкандар үй-жайын таштай качышкан.

Кочкордук 300 чамалуу адам 1916-жылдын бу күнү Ак мойнок айлына келип, ак боз бээ союп, шерттешип Байзакты хан көтөрүшкөн. Алар Нарынды басып алыш үчүн аттанып жолдон аларга калган кыргыздар кошулуп отуруп козголгон адамдардын саны 2000 чамалаган. Байзак колду жүздүккө бөлүп, Кулмат, Мамыркан, Көккөз, Чуңкул, Балкыбектерди алардын башчылыгына койгон.

СССР Борбордук Аткаруу комитети менен Элдик комиссарлар кеңешинин 1930-жылдын бу күнкү Токтомуна ылайык өлкөдө 8-10 жаштан тарта «Жалпы милдеттүү баштапкы билим алуу» программасына киргизилди.

Лоцманов И. П. 1937-жылдын 14-августунда Кыргыз ССР НКВДсынын наркому болуп дайындалган. Анын Кыргызстандагы «ишмердиги» репрессиянын туу чокусуна туш келген. Жалпы жонунан 7610 адам «эл душмандары» атыгып, алды атылып, алардын көбү сүргүнгө айдалып дайынсыз жоголгон.

Курманбек Бакиев 2005-жылдын бу күнү расмий түрдө Кыргыз Республикасынын экинчи президенти атанды. «Ало Тоо» аянтында өткөрүлгөн салтанатта ага президенттик штандарт тапшырылып, президенттик төш белги тагылды.

Бул күнү, 1917-жылы Убактылуу өкмөттүн чечимине ылайык орус падышасы Николай Романов үйбүлөөсү менен Тобольскиге айдалып, 1777-жылы даниялык физик, электромагнетизм теориясын тапкан Ханс Кристиан Эрстед, 1867-жылы англис жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Джон Голсуорси жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG