ЖК депутаты, “Ак Жол” партиясынын мүчөсү Улукбек Ормоновдун “Азаттыкка” айткан пикири боюнча азыркы бийликтин тушунда Кыргызстанда өнөр жай тармагы өнүгүүнүн үстүндө. Депутат буга мисал катары Камбарата-2 ГЭСинин курулушун, түштүктөгү бир катар ири цемент заводдорунун ачылганын келтирип, булар өлкөнүн чоң жетишкендиги, деп белгиледи. Ал эми азык-түлүк кымбатчылыгы жалгыз Кыргызстанда эмес, жалпы дүйнө жүзүндө болуп жаткан көрүнүш, дейт Улукбек Ормонов.(ZKo)